19-августта Баткен облусунун Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Паскы-Арык айылынын Тажик Республикасынын Исфара районунун Чарку айылы менен чектеш жерине жакын жерден 4 тажик жаранынын өлүгү табылган. Окуя тажик чек арасында болуп, түн ичинде белгисиз адамдар бир үй-бүлөнүн башчысын, аялын жана келини менен небересин атып кетишкен. Учурда Тажик Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан иликтөө иштери, ошол эле учурда Баткен РИИБи тарабынан да иликтөө иштери жүрүүдө.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg