Журналисттик кесибим менен Ош шаарына бараткам. Таксидеги сапарлаш кыз экөөбүз сүйлөшүп калдык. Менин журналист экенимди укканда Жийдегүл өз тагдырын айтып берди. Көрсө, кичине баласын таштап, Орусияга жол тартып баратыптыр.
– Өз энемден эрте ажырап, атамдын колунда калдым. Көп өтпөй өгөй энелүү болдум. Ал аял жаман чыкты. Жаш жаныма не деген азаптарды салганын эстегим келбейт. Ошентсе да мектепти жалаң «5» деген баалар менен аяктадым. Заарын чачкан өгөй энем кайдан окуу жайга жөнөтсүн, бир тууган сиңдиси Айнур эженин үйүнө жумушун кылдырганга Бишкекке айдады. Айнур эженин мамилеси жумшак, өгөй энеме салыштырганда кыйла эле түшүнүктүү. Экөөбүз сырдаш болуп калдык. Күндөрдүн биринде Айнур эже «Жийдегүл, жүрү мени менен, бир жерге барып келебиз» деди. Шаардын четиндеги тикенек зым менен курчалган бийик имаратка келгенибизде түрмө экенин түшүндүм.
– Эже, бул жерде ким бар эле?
– Нурлан кайним,- деп койду эже.
Кыйла убаракерчиликтен кийин ичкери кирдик. Бир убакта темир эшик ачылып, андан чыккан жигит Айнур эже менен учурашып, ал-жайын сурашып жатты. Эмнегедир көздөрү жылуу сезилди.
– Биз эми кетели, бир аз чыда, уул, акең сенин ишиңдин аркасынан жүрөт. Буюрса, чыгарыңа аз калды,- деп коштошту Айнур эже.
– Мындан кийин сен келип турасың, баарын эсиңе түйүп ал,- деди.
Айтканындай эле анда-санда тамак-ашын белендеп, кем-карчын даярдап мага берет, мен Нурланга жеткирем. Ошентип жүрүп экөөбүздүн ортобузда билинбестен жакындык пайда болду. Убакыт өтүп, Нурлан боштондукка чыкты. Экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, үйлөнө турган болдук. Бирок өгөй энем таптакыр жолотпой туруп алды. Нурлан да айтканынан кайтпаган көк жигит экен, акыры атамдын батасы менен үйлөндүк.
Нурлан мурун «кыз зордуктады» деген куру доомат менен камалып кетиптир. 3 дос бир кызды зордуктап коюп, алардын ордуна Нурлан камалган экен. Алар Нурланга «сен бир жыл отурсаң, биз сени куткарып алабыз» дешиптир. Ал камалгандан кийин баягы достору кабар да алып коюшпайт. Агасы чуркап жүрүп бир жылдан кийин чыгарган.
Экөөбүз жакшы жашап жүргөн күндөрдө көчөдө баратып абакта өткөргөн күндөрүнө кейип «мен кылбаган кылмыш үчүн камалдым, чын эле кылмыш кылып, кыз зордуктасам эмне болот экен...» деп жолдон чыккан бир кызды мас абалында зордуктап коёт.
«Жетимдин оозу ашка тийсе, башы ташка тиет» деген сөз мен үчүн айтылгандай. Эми эле бактыма кубанып жашап жатканда Нурлан ушинтип кырсыкка кабылып, кайрадан кесилип кетти. Түнү менен көз жашымды көл кылып ыйлап жүрдүм. Кош бойлуу экенимди билгенде үмүт менен жашай баштадым. Анда-санда Нурланга барам, ал да кийинчерээк «көп келбе» дегенге өттү. Айла канча, Айнур эже болсо «өзүң кең-кесири жаша» деп батирге чыгарып койду. Убакыт жетип, уулдуу болдум. Үмүтүм Нурланда эле, бирок андан куш тилиндей кабар келди. Катка «Жийдегүл, бактылуу бол, мен сени бактылуу кыла албадым. Эми тагдырың өз колуңда. Уулум чоңойсо таап алармын. Кош!» деп жазган экен.
Кантип эле ушундай болсун? Нурландан үмүтүмдү үзбөдүм. Жыл айланып, батирдин акчасын төлөй албай карызга баттым. Аргам түгөнүп, өгөй энемди көздөй бардым. Ал үйгө кийирбей койду. Уулумду боорума кысып, кантсе да Нурландын өз ата-энеси эмеспи, кайын журтума бара турайынчы деген ойдо аларга бардым. Аларга да батпадым. Турмуштун айынан боздоп ыйлап, бейкүнөө наристемди дем кылып өз жашоомду улантуу үчүн Орусияга аттандым. Баламды өгөй энемдин колуна калтырдым. Акча салып турарымды укканда макул болду. Эми бутума туруп, абалымды тезинен өз колума алам деп үмүт кылып кетип жатам. Эгерде Нурлан азыр бул тууралуу окуп калса, баласына жана мага кайрылат деп ойлойм. Нурлан, биз дагы эле сени күтүүдөбүз.
Жийдегүл
Адина Мусаева