Жашы сексенге чукулдап калган Ажыбек аксакалды көптөн бери тааныйм. Биздин короонун жанындагы мекемеде кароолчу болуп иштейт. Көп сүйлөбөгөн, бирок колунан Куран китеби түшпөгөн киши. Ажылык сапарга барып келгенинен биз ажы ата деп коёбуз. Кабагы ачылбаганынан бир нерсе болгонун туйдум. Сүйлөшүп отуруп карыяны сөзгө тарттым.
– Ээ, балам, бири кем дүйнө деген ушул тура. Жетим жүрүп, 27 жашка чыкканда үйлөнүп, 3 уул, 1 кыздуу болдум. Балдарымдын алды жетиге чыкканда алган жарым көз жумуп, кара казанга кожоюн болуп калдым. Тууган-уруктун көбү деле жакшы экен. Мага Кудай андан да айтпаптыр. Кыскасы, кыйналган жаныма сеп болобу деп экинчи жолу үйлөндүм. 1985-жылы өзүмдөн бир топ жаш кичүү аялга баш коштум.
Кудайдын кулагы сүйүнсүн, жаш болгону менен, балдарымды бапестеп, кирин жууп, тамагын жасап, кыйла тыңытып койду. Мурунку турмушунан да бала көрбөгөн экен, кийин да төрөбөдү. Бирок балдарымды өз балдарындай карап, кызымды турмушка узаттык, уулдарды үйлөнттүк. Балдарымдын улуусу Орусияда, кичүүсү имам болуп, ажыга чейин барып келди. Ортончусу колумда. Менин бар үмүтүмдүн баары балдарымда эле. «Кыз – бирөөнүн бүлөсү» деген чын тура, ал өз жашоосу менен. Ортончу уулум жанына чыдап тура алгыс аракеч болду. Мага каралашмак түгүл өз үй-бүлөсүн бага албай, жарыбаган пенсияма, бул жерден алган маянама ортоктош болуп отурат. Кичүүм имам деп кыйла тирек кылчу элем. Ажыга барып имам болгондон бери анда-мында көрүнгөнү болбосо, мени такыр унутуп койду. Элге акыл-насаат айтып «түз жүргүлө, ыймандуу болгула, ата-эненин кадырына жеткиле» деген сөздөрүн угуп калам. Эмнеге элге айткан сөздөрүн өзү аткарбай жүрөт, ушуга түшүнбөй келем.
Аларды канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай чоңойткон кемпирим эми ажыдаар көрүнүп, андан үй талашканы жаныма батты. Өз колум менен ушул үйдү салып, балдарым мага окшоп жетим калбай, бактылуу күн кечирсин деп ушул кемпиримди албадым беле? Жаш болсо да жанын сабап аларды чоңойтуп, үйлөнтүп-жайланткан ушул аял болчу. Чоңоюп, өз алдынча болгондон кийин жакшы күндөрдү эстен чыгарып, эми жаман болуп калды. Үйдүн документтерин катып алган экен, «үйгө ээ болуп калат» деп. Колумдан күч, оозумдан сөзүм түшкөндө мага акыл салбай, өз билгенин кылганын бүгүн уктум.
Үйүм 1972-жылы салынып бүткөн. Андан бери эчен күндөр өттү. Үркөрдөй болгон үй өлүм сапарына узатар аялыма менден мурас болуп калса анын эмнеси жаман? Алты саны аман, он эки мүчөсү түгөл болгон соң өз энесиндей болуп калган аялдан талашпай эле койсо болмок.
Аксакалды жубатарга сөз таба албадым. Тек гана сакалына тамып жаткан көз жашына күбө болуп тура бердим...
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg