Бүгүнкү күнгө чейин электр жарыгы жете элек Базар-Коргондун Жаз-Кечүү айылына 2014-жылы свет берилиши мүмкүн. Учурда бул боюнча атайын долбоорлор жазылып жатат. 20-августта Жалал-Абад шаарында өткөн тегерек столдо бул айылдын көйгөйү кенен талкууланды. «Жалал-Абад электр» ишканасынын өкүлү Азамат Паизов «айылды толук жарыктандырыш үчүн 4 көмөк чордон орнотулуп, 30 чакырымдай электр чубалгысы тартылышы керек» деп билдирди. Бирок ал каражатка кете турган акчаны «Жалал-Абад электр» ишканасы таба албайт. Маселе долбоорлор аркылуу гана чечилиши мүмкүн экени айтылууда.
Гүлжан Эшбаева
Jalalabad@super.kg