Жалал-Абад шаарында таштанды үчүн төлөм кымбатташы мүмкүн. Жакында жаңы долбоор колдоо таап, таштанды үчүн жаңы орун даярдалса, жалал-абаддыктар таштандыга 43 сомдон төлөп башташат. Азыр көп кабаттуу үйдөгүлөр 12 сомдон, жер үйдө жашагандар 15 сомдон төлөшөт. Бирок бул маселе азырынча ишке аша элек. Маалымат 20-августта шаардык кеңештин кезексиз сессиясында айтылды. Банктардын бири 8 миллион евро жумшап, таштанды үчүн жаңы полигон курмакчы. Долбоор толук иштелип чыгып, кайра талкууланмай болду.
Гүлжан Эшбаева
Jalalabad@super.kg