15-августта Ат-Башы районунун Коёнду-Колот жайлоосунда малчылардын кезектеги майрамы өттү. Малчылар үчүн уюштурулуп жүргөн мындай майрам Союз мезгилинен бери майрамдалбай калганын малчылар айтышат. Эки жылдан бери облустун бардык райондорунда малчылардын майрамы өткөрүлүп келүүдө.
Майрамда кыргыздын ат оюндары көргөзүлүп, жеңүүчүлөр аныкталып, иш-чара концерттик программа менен коштолду. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков мал чарбачылыгына чоң салымын кошуп жаткан малчылардын эмгеги үчүн ыраазычылык айтып, айрым чабандарды облустун Ардак грамоталары менен сыйлады. Осмон Асанов, Шаарбүбү Абылгазиева, Улан Маталиев Ардак грамоталары менен сыйланышса, Жантайбек Ногойбаев, Токтаалы Осмонбеков «Облустун ардактуу атуулдары» деген наамдарга ээ болушту.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg