ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН МЕЛДЕШИ БОЛУП ӨТТҮ

Өрт – тилсиз жоо. Элдин коопсуздугун камсыз кылган өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен алышып кызмат өтөшөт. Мына ошол өрт өчүрүүчү кызматкерлер Кыргызстандын бардык бурчунан Нарын жергесине чогулушуп, мелдеш өткөрүштү.

Нарын облусунун Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы 14-15-август күндөрү Нарын шаарында өрт колдонмо спорту боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугун өткөрдү. Аталган башкармалыктын өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн улук инспектору АДИЛЕТ ЖЕКШЕНБАЕВ мелдеш боюнча мындайча баяндайт:

– Адилет мырза, алгач мелдеш тууралуу айтып өтсөңүз. Мелдешке кимдер катышты?
– Бул чемпиондуктун максаты – Кыргызстанда өрт колдонмо спортун кеңири жайылтуу, пропагандалоо жана өрткө каршы кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу. Бул мелдешке Баткенден башка бардык облустардан 9 команда катышты. Калыстар тобун кошкондо 200дөй спортчу келип, алардын катарына коноктор жана биздин кызматтын ардагерлери кирди.

– Уюштуруу иштери кимдин демилгеси менен болду?
– Нарын облусунда мындай мелдеш 4 кабаттуу окуу мунарасынын жоктугунан 1988-жылдан бери уюштурулбай келген. Мунара секунд санап шаты менен чыгып машыгууга салынды. Андай мунарасы жок бул сыяктуу мелдештерди өткөрүүгө болбойт. 2012-жылы Талас шаарында өрт колдонмо спорту боюнча өткөрүлгөн мелдештин жабылуу аземинде быйылкы мелдешти өткөрүү эстафетасы Нарын облусуна берилген. Нарындыктар апрель айынан бери тынымсыз иштеп, өздүк курамдын күчү жана ашар ыкмасы менен кыска убакыт ичинде 4 кабаттуу мунараны салышты. Бюджеттен буга бир да тыйын каралган эмес.

– Өрт өчүрүү спортунун канча түрү боюнча мелдешишти?
– Мелдеште командалар өрт колдонмо спортунун 5 түрү боюнча таймашышты. Нарындын командасы, тилекке каршы, 7-орунду камсыз кылды. Буга машыгуулардын жеткиликтүү деңгээлде болбой калышы себеп болду. Анткени спорттук мелдешти өткөрүү үчүн 4 кабаттуу мунараны курууга жалаң өзүбүздүн кызматкерлер тартылып, негизги жумушчу топ өзүбүздүн курамдан түзүлдү. Машыгуулар үчүн эң эле аз дегенде 2 айдан ашык убакыт керек. Ал эми биздин кызматкерлер мунараны мелдешке үч күн калганда гана толугу менен аякташты.

Чемпиондук 5 түр менен өттү:
1) 100 метр тоскоолдуктары бар аралыктан өтүү
2) Шаты менен 4 кабаттуу мунарага ылдам чыгуу
3) 3 муунактуу шаты менен мунарага чыгуу
4) Командалык эстафета (өрт чыккан жерге барып тез өчүрүү, тоскоолдуктардан, кичинекей тешиктерден өтүп, кийинкисине эстафетаны берүү)
5) Күжүрмөн жайылуу (сууну көздөгөн жерге мээлеп атуу, суу өтүүчү жеңдерди тездик менен чубап келүү)

Эки күнгө созулган бул мелдешке аталган кызматтын жетекчилиги да катышты. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өрткө каршы кызмат агенттигинин башчысы НУРЖАН ОСМОНАЛИЕВ буларга токтолду:
– Жалпы республика боюнча өрт өчүрүүчү унаалардын жетишсиздиги кендирди кесүүдө. Өтө бийик кабаттын жогору жагына жетүүчү машинадан экөө гана бар. Учурда 100 миң сомдон ашык каражат сарпталуучу материалдык базага муктаж болуп турабыз.
Өрт колдонмо спорту боюнча мелдеште 1-орунду Бишкек шаардык ӨКМКБнын командасы камсыз кылып, 20 миң сомго ээ болушту. 2-орунга Ош шаардык ӨКМКБнын командасы татып, 15 миң сом алса, 3-орунду Ысык-Көл облусунун өрт өчүрүүчүлөрү илип кетип, аларга 10 миң сом ыйгарылды. 4-орунга Жалал-Абад облустук ӨКМКБ, 5-орунга Чүй облустук ӨКМКБ, 6-орунга КМКТАУ, 7-орунга Нарын облустук ӨКМКБ, 8-орунга Ош облустук ӨКМКБ, 9-орунга Талас облустук ӨКМКБ татыктуу болушту.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 564, 23-август-29-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан