ТАРЫХТА КАЛАР АВТОТЫГЫН

9-август күнү Бишкек-Торугарт жолундагы Боом капчыгайында өлкө тарыхында болуп көрбөгөндөй автоунаалардын тыгыны болду. Бул окуя бир гана тыгында калгандарды эмес, көптөгөн кыргызстандыктарды да дүрбөлөңгө салып койду. Ондогон чакырымга созулган автотыгынга биздин жамаат да күбө болду. Ушул окуянын чоо-жайы тууралуу кененирээк сөз кылууну чечтик.

Жыл башынан бери өлкө боюнча 2225 жол кырсыгы катталган. Кырсыктан 524 адам каза болуп, 2930 адам жабыр тарткан.
Бул көрсөткүч былтыркы жылдын 7 айына салыштырмалуу жол кырсыгынын саны 4,3 пайызга, адам өлүмү 9,3 пайызга жана жабыркагандардын саны 3,8 пайызга азайганын далилдейт.
Өткөн жылы 7 ай ичинде 2325 жол кырсыгы катталып, 578 адам каза болуп, 3047 адам жабыр тарткан.

Боом капчыгайы

Бишкек-Торугарт жолунун Боом капчы­гайын аралап өт­көн же­ри - Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустары менен байланыштырып турган маанилүү бөлүгү. Бишкектен 112 чакырым алыстыкта жайгашкан. Узундугу 30 чакырымды түзгөн бул жолдо жыл бою, айрыкча жай мезгилинде көгүлтүр Ысык-Көл­гө баруучулардын кыймылы үзүлбөйт. Күнүгө миң­деген унаа өтүп, эс алуучуларды керемет Ысык-Көлгө узатып турат.

Баарына себеп болгон кырсык

Үстүбүздөгү жылдын 8-август күнү Бишкек шаарынын 24 жаштагы тургуну Александр Ким өзүнө таандык Лексус LX- 570 автоунаасы менен Ысык-Көл тарапты карай жолго чыгат. Бишкек-Торугарт жолунун 123-чакырымында саат 15:50 чамасында капысынан жолдун экинчи тарабына кайрыла калып, Чүй дарыясына кулап кетет. Анын денеси үч күн өткөндөн кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан Кемин шаарчасына жакын жердеги Чүй дарыясынын Казакстан тарабындагы жээгинен табылды.
Ал эми дарыяга кулап кеткен автоунааны суудан алып чыгуу үчүн жүк кө­тө­рүүчү кран алынып келинген. Тыгындын пайда болушуна ушул кырсык жана крандын келиши башкы себеп болгон.

"Вагон кулады..."

Ошентип, 9-август күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен МАИ кызматкерлери биргеликте сууга кулап кеткен унааны чыгарууга киришишет. Жипти суудан алып чыгуу үчүн алынып келинген жүк көтөрүүчү кран өз ишин аяктагыча, Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкармалыктын кызматкерлери Бишкек-Торугарт жолун убактылуу жаап, унааларды өткөрбөй турууну чечип, жолду тосуп коёт. Окуя жекшемби күнү болгондуктан, миңдеген эс алуучулар көлдөн кайтышкандыгына байланыштуу жолдо аябагандай көп унаа болгон. МАИ кызматкерлери бул маселени эске алышпаган сыяктуу. Анткени бир нече чакырымга созулган автотыгындан улам абалды башкара албай калышты. Алдын-ала жүргүнчүлөргө Балыкчы тараптан эле тиешелүү маалымат берилип, абалды көзөмөлдөп турушса, мынчалык тыгын да, дүрбөлөң да болмок эмес.
Баш-аягы көрүнбөгөн тыгында турган айдоочулар кайра Ысык-Көлдү көздөй бурула башташты. Капчыгайдын бул аймагында уюлдук телефондор да жакшы иштебей, биз эмне иш болуп кеткенине түшүнө албай, кайтып бараткан унаалардын айдоочуларынын оозун тиктеп жаттык. Айрымдардан “Кыз-Күйөө тарапта вагон кулаптыр. Ошол үчүн эртең мененки саат сегизге чейин жол ачылбайт экен. Жакшысы, кайра артка кайтып, жакын бир элдүү пунктка түнөп, эртең менен жолго чыккыла” деген сөздөрдү да уктук. “Вагон кулады” деген маалымат ким тарабынан айтылгандыгын биле албай, аныгына жете албай турдук. Бара-бара “бир эмес, төрт вагон кулаптыр” дей башташты. Үйлөрүнө, эртеси күнкү жумуштарына шашкан айдоочулар жолдун экинчи тилкесине кайрылышып, болуп көрбөгөндөй башаламандык башталып кетти. Биз да рулду келген жолубузга карай бурууга аргасыз болдук. Жолдо туш болгон ашканага токтосок, анда бир нерседен чочулагандай эл толтура, тамак, орун талаш, айтор, бул жерде адамдардын тыгыны баш айлантат. Үч сааттан соң “жол ачылды, эч кандай вагон эмес эле машина сууга кулаган экен” деген кабар тарады. Бул кабарды угуп, Бишкекти көздөй бет алдык. Жол ката кырсык болгон жерди көрүүгө, чынында эмне иш болгонун аныктоого аракет кылдык. Бирок Кыз-Күйөө тарапта ушунчалык автотыгынга, дүрбөлөңгө себепчи болор бир да белгини көрө албадык.

Айланып айыпкерди издемей...

Өмүрү болуп көрбөгөн бул тыгын ушундай кырдаалда мамлекеттик тийиштүү органдар жолдогу жүргүнчүлөр менен тыгыз иштеп, башаламандыкка жол бербей, абалдан чыгып кете албасын далилдеп койду. Эртеси күнү МАИчилер “айдоочулардын айдоо маданиятынын төмөндүгүнөн улам ушундай автотыгын пайда болду” деген билдирүү берип кутулушту. Бирок ошол тыгында турган үч сааттын аралыгында айдоочуларга абалды тү­шүндүргөн бир да МАИ кызматкерле­рин кезиктире алган жокпуз.
Анан да Ысык-Көлгө жеткиче трассада бири-бири менен жарышкан айдоочуларды көп кездештирдик. Жолдогу тартипти көзөмөлдөгөн МАИчилер да көрүнбөдү. Аларды качан гана элдүү пункттарга жеткенде кезиктирип жаттык. Ал эми ке­йиш­түү кесепеттерге алып келген жол кырсыктары дал ушул ачык трассаларда көп болору белгилүү эмеспи.
Болуп өткөн окуя боюнча “эмнеге жүр­гүнчүлөргө алдын ала так маалымат берилген жок?” деген суроо менен тийиштүү органдарга кайрылдык. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери: “Мынчалык унаа көп болуп, узун тыгын болорун күтпөдүк эле. Бат эле жолду ачабыз деп ойлогонбуз. Мындан кийинки кырдаалдарда окуяны эске алабыз”,- деп жооп беришти.
Ал эми ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкармалыгы бизге: “Бишкек-Торугарт жолу аргасыздан жабылды. Ал эми тыгындын келип чыгышына айдоочулардын тартипсиздиги, абалга баа берип, түшүнүү менен мамиле кылбагандары, каршы келе жаткан унаалардын жолуна чыгып жаткандыгы себепчи болду. Бардык тийиштүү жерлерде биздин кызматкерлер турду. Ар кандай туура эмес маалыматтарды да эл өзү чыгарып алды”,- деп билдирди.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kgjigit
2009-08-17 13:10:35
Жолдорду чонойтуу керек!!! болбосо дагы 2-3 жыл чамасында автоунаа жолдорго батпай калат!!!!
0
jolira
2009-08-17 22:21:49
Биздин "урматтуу" МАИ кызматкерлерибиз жакшы,так,жоопкерчиликтуу иштебегендин кесепети.
0
№ 354, 14-20-август, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан