Биздин конок төрүбүздө Көл кылаасына «Энекем», «Сүйүүм сага арналат» деген ырлары менен таанымал көп кырдуу талант Камчыбек Турумбаев болмокчу. Камчыбек мырзанын башкалардан айырмачылыгы, бир эмес, бир канча өнөр ээси. Акын, ырчы, обончу жана аткаруучу. Эмесе, кеп башынан болсун.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1962-жыл, 1-июль
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Кереге-Таш айылы
Үй-бүлөлүү – Бир кыз, бир уулдун атасы
Учурда – Каракол шаарында жеке ырчы, обончу, акын
Аткарган ырлары – «Бөбөккө», «Ысык-Көлүм», «Сүйүүм сага арналат» жана башка
– Камчыбек мырза, ыр чөйрөсүнө кантип аралашып калгансыз?
– Мендеги ырга болгон шык чоң аталарымдан өтсө керек. Атамдын чоң атасы мыкты комузчу, өзүмдүн энем жамакчы, бир агам акындык өнөрдү аркалайт. Бир туугандарымдан айырмаланып, кичинемден музыкага жакын болдум. Убакыттын өтүшү менен аккордеон, баян, гитара өңдүү аспаптарда ойноп, мектептин чакан концерттерине катышып жүрдүм. Аракетимди баалаган ата-энем мектепти бүткөн соң Каракол шаарындагы Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайга тапшыртышты. Вокал бөлүмү боюнча эки жылдык билим алдым.
– Акындык өнөрүңүздү баалагандар да жок эмес. Бул чыйырга кантип түшүп калдыңыз?
– Ырчы аткарган ырларынын текстин өзү жазат деген түшүнүктө элем. Алгач «Жаз келди», «Апама» деген аталышта эки ыр чыгарып, бир туугандарыма окуп бердим. Алардын «Сен акын болосуң го» деген сөздөрүн угуп, бир кудуңдап алгам. Ошентип, ырчылыкты максат кылып жүрүп акындык өнөрдү да алып кеткем. Акындардын бири-бирине окшошпогон стили болот. Мен көбүнчө таалим-тарбия бере турган ырларга жакынмын. «Жүрөктөн сунган ыр дестем» деген аталыш менен 500 нускада китеп чыгардым. Ал эми басыла элек жети китебим сакталып турат. Акындык өнөр боюнча облус аралык өткөн чыгармачылык сынактарга катышып, төрт жолу баш байгеге ээ болгом.
– Эми кичинеңизде максат кылган тилегиңизге жеткендирсиз?
– Ырдап жүрүп обон чыгарганга да ыктадым. Бүгүнкү күндө онго жакын обонум бар. Руслан Мамбетсаев деген аранжировкачы жигит экөөбүз бирге музыкалык студия ачтык. Студияда компьютерден баштап микрофондун түрлөрү коюлуп, облустагы ырчылардын иштөөсүнө шарт түзүүгө аракет кылдык. Жергиликтүү ырчылардын көпчүлүгү ыр жазып, аранжировканы биздин студиядан жасатышат.
– Студияга келген ырчыларга өзүңүздүн ырларды сунуштап көргөн жоксузбу?
– Мыкты жазылган ыр тажрыйбасы аз аткаруучуга тийип калса, бекер ырдын тагдыры талкаланат. Студияга келген балдардын көбү жаштар болгондуктан, алар менин ырларымдын стилин биле алышпайт.
– Анда жаш өнөрлүүлөргө колдоо көрсөтпөйсүзбү?
– Алдыда биздин студиядан даярдаган ырлардан турган сценарий түзүп, облус аралык концерт койсокпу деп жатабыз. Аны менен бирге жаш таланттарга колдоо көрсөтүп, шакирттерди тарбияласам деген оюм бар.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg