БАШ АЙЛАНТКАН АДАЛ МАСЕЛЕСИ

Акыркы убакта бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнөдө адал азык-түлүккө болгон элдин суроо-талабы өсүүдө. Адал өндүрүшүнүн жайылышы менен өлкөдө азык-түлүк чыгарган ишканалардан баштап, кызмат көрсөткөндөргө чейин сертификат алышууда. Акырындык менен бизде да коңшулаш Казакстандагыдай автоунаа оңдоочу жайлар халал болот өңдүү.

ХАЛАЛ ТУУРАЛУУ
Халал – араб тилинен которгондо «шарият боюнча уруксат берилген» деген маанини билдирет. Бул бир гана азык-түлүккө тиешелүү эмес, шарият боюнча кандай тармак болбосун адал мамиле кылууну камтыйт. Мисалы, каржы маселесинде сүткордукка тыюу салынса, тамак-ашта канды, өлгөн малдын этин, чочко этин жана башкаларды азык катары колдонууга тыюу салынган. Акыркы үч жыл аралыгында дүйнөдөгү адал өндүрүшү 2010-жылы 1, 2011-жылы 1,8 жана 2012-жылы 3 триллион Америка долларын түзгөн.

ХАЛАЛ ДЕГЕН АТ МЕНЕН САУНАЛАР ИШТЕП ЖАТАБЫ?
Эки-үч жылдан бери халал деген дүкөн, ашкана көбөйдү. Албетте, баарыбыздын адал тамак-аш алгыбыз келет. Бирок элдин адал азык-түлүккө болгон талабы өсүп жатканын байкаган айрым сатуучулар муну соодасын жүргүзүүнүн куралы катары пайдаланып жаткансыйт. Буга чейин халал деген марка эч кандай тастыктоосу жок колдонулуп келсе, азыр ишкерлер сертификат аркылуу кардарларын ишендирүүдө. Бүгүнкү күндө халал диний терминге караганда көбүрөөк соода марка катары колдонула баштады.
Жакында эле Кыргызстанда алгачкы ирет халал товарлардын көргөзмөсү болуп, ага 30дан ашуун атайын сертификаты бар орто жана майда ишканалар катышты. Муну уюштуруучулардын бири, муфтий Рахматулло ажы Эгембердиев «Көргөзмөнүн максаты – элдин адал азык-түлүккө болгон суроо-талабын билип, биздин халал товарлар менен башка өлкөлөрдүн рыногуна кирүү. Азыр халал деген ат менен таксилер жана сауналар иштеп жатышат. Бирок алар кандай стандартка таянып иш алып барып жатканы бизге белгисиз» деп билдирди.

ЖАРМАНКЕДЕГИ ЖУМУРТКАЛАРДЫ БАЗАРДАН ТАППАЙ...
Бишкектин көчөлөрүн кыдырып халал деп жазылган ашканаларга баш багып, «Адал экендигин тастыктаган күбөлүк барбы?» деп сурасак, биринен «Башчыбыз жоктугуна байланыштуу жооп бере албайбыз» деген жооп алдык. Дагы биринде Халал комитети тарабынан берилген сертификат бар болуп чыкты. Айта кетчү нерсе, мындай жазуулары бар жарнакты колдогондор аздай. Муну элдин дин жактан сабаттуулугуна байланыштырсак болот. Жарманкеге коюлган өрүк какты, жумуртканы көргөндөрдө «Жумуртка, кактын да адал эмеси барбы?» деген таң калуу пайда болду. Ушул суроого жооп издеп «Ош базарына» барып, бирок жумуртка, какты адал деп саткандарды кезиктире алган жокпуз. Анан да буга чейин халал деп аталган такси бар экендигин билип, издештирсек, аталган «халал такси» кызматы жабылып калыптыр. Ушундай такси Казакстанда да бир нече жыл кызмат кылып, кийин жоюлуп кеткен. Ал гана эмес, Көл кылаасында халал пансионат да бар.

«ХАЛАЛ СТАНДАРТЫ ИШТЕЛИП ЧЫГАТ»
Бүгүнкү күндө сертификат алууну каалаган ишкерлер Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Адал өндүрүш борборунан өз каалоолору менен текшерүүдөн өтүүдө. 80ге жакын чакан жана орто ишкерлер халал сертификатын алышкан. Алардын катарында колбаса, кондитердик азык, макарон өндүргөн фирмалар жана медициналык кызмат көрсөткөн борбор да бар.

Экономика министрлигинин халал өндүрүш бөлүмүнүн адиси АЛМАЗ КАЙЫРБЕКОВ:
– Июнь айында президент «Азык-түлүктөрдү маркирлөө» деген мыйзам долбооруна кол койду. Мыйзамга ылайык, халал деген маркасы бар товар бардык стандартка жооп бериши керек. Мыйзам 2014-жылдын аягында ишке кирет. Жакын арада жумушчу топ түзүлүп, алар өлкөдөгү адал өндүрүшү боюнча бардык талаптарга жооп берген мамлекеттик стандартты иштеп чыгат. Бүгүнкү күндө адал эмес товарды адал деп сатса да, эч кандай чара көрүлбөйт. Ошондуктан бул маселенин мамлекеттик деңгээлде көзөмөлдөнүүсүн эл талап кылууда. 

«ТАМАШАЛАП ЭЛЕ «ХАЛАЛ КОНЦЕРТ» ДЕП КОЙГОМ»
Халал сөзү ырчылар арасында да популярдуу болуп жаткан кез. ЭМИЛ БАЛТАГУЛОВ «халал концерт коёбуз» деп жар салып жүргөн эле. Бул боюнча ал мындай деп билдирди:
– Тамашалап эле «халал концерт беребиз» деп интернеттеги баракчама жазып койгом, негизи, мындай термин жок да бизде. Тата Улан экөөбүз Шамалды-Сайдагы концертибизди «халал концерт» деп койгонбуз. Чынында, концертте кыска кийимчен бийчи кыздар жок, дегеле кыздары жок болду, жалаң балдар бийлешти. Диний ырлар ырдалып, уят сөздөр менен тамашалаган куудулдары жок өткөрдүк. Куттуктоолорду да диний чөйрөдөгү адамдар чыгып айтып жатышты. Ушундан улам «халал концерт» деп койгонбуз.

 


«АРАМ ТАМАКТАН ЭРКЕКТЕРИБИЗ ЖАШ КЕЗИНЕН ИМПОТЕНТ»
Адал маселеси боюнча сурообузга КМДБнын Халал комитетинин төрагасы МЫКТЫБЕК АРСТАНБЕК жооп берди:

– Мыктыбек мырза, халал эмес, кыргызча адал деп эле атоого болбойбу?
Биз адал деп сүйлөйбүз, бирок эл аралык мамилелерде халал деп айтышка мажбурбуз. Анын ичинде орусу да, арабы да, татары да бар. Андыктан Курандын тили менен халал деп айтууга туура келет.

– Халал сертификатын берген ишканаларды кандай жол менен текшересиздер?
Уюмдар менен келишим түзүп, анан аларды адал стандартына которобуз. Өндүрүшүн халал стандартына тууралагандан кийин келишимде көрсөтүлгөн убакытта көзөмөлгө алабыз. Заводуна күндө барыштын кажети жок, өзүбүздүн препараттар, тесттерибиз менен базардан сатып алып деле текшере беребиз.

– Мен адал колбаса алам деген кардармын дейли. Кантип айырмалашым керек?
Кардар алгач «Адалбы? Адалдыгын далилдей турган эмнең бар?» деп сураш керек. Эгерде адал экенин тастыктай турган күбөлүгү болсо, ким бергенин суроо кажет. Айылдын молдосу же жөн гана сакалчан бирөө, же эл аралык уюм бериши мүмкүн. Ким тарабынан берилгенин аныктап, анын аброюна жараша товарды алса болот. Кээде сатуучудан этти «Адалбы?» деп сурасаң «Адал, бир сакалчан байке алып келет» дейт. Сакалчан деген сөз адал деген сөз эмес да. Эч ким күбөлүк бербей эле халал деп жазып алгандар бар. Кээде «Сен эмнеге халал деп жазып алдың? Бул адал эмес» десең, «Ооба, бирок жазып алдым» деп жооп беришет. Аларга азырынча эч кандай чара көрө албайбыз. Ошондуктан кардар сурап, байкап, анан алышы керек.

– Баарын адал, арамга бөлө берсек кандай болот?
Мына бул стакандагы суу. Бул адал, кааласаң ич, кааласаң ичпе. Биз шарият боюнча адал нерсени сунуш кылып жатабыз, аларды тандоо, тандабоо ар бир адамдын өзүнөн. Мисалы, арам тамактан улам кыздарыбыз төрөбөй, эркектерибиз жаш кезинен эле импотент. Андыктан бул тууралуу ой жүгүртүп коюу абзел.

Айбала Эргешов
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
ХАЛАЛ ДЕП АТОО БИЗНЕСТИ ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ОҢОЙ ЖОЛУБУ?

Бүрайма Сатарова, 57 жашта:
– Баарыбыздын эле адал азык-түлүк алгыбыз келет. Кээ бир сатуучулар адалды соодасын жүргүзүү үчүн пайдаланышат. Өзүм халал дегендерге көп ишене бербейм. Үй-бүлөбүз тамак-аштын адалын колдонгонго аракет кылабыз.

Азимбек Кадыров, 26 жашта:
– Азыр бүт баары халал болуп кетти. Бир гана азык-түлүк эмес, башка нерселер да. Бул жөн эле сооданы жүргүзүү үчүн колдонулууда. Адал дегенден кийин тазалык, ислам эрежелери сакталышы зарыл. Бизде азыр мындай жок. Алардын кандай жасаларын эч ким билбейт.

Арзымат Лепесов, 52 жашта:
– Биринен-бири өтүп халал деп сатып жатышат. Мен халал дегенге ишенбейм. Шариятка ылайыктап халал продукция чыгаруу үчүн көп нерсени билиш керек. Ислам дини чоң философия, аны түшүнгөнү бар, түшүнбөгөнү бар. 

Эрлан Султанов, 18 жашта:
– Мен халал деп мусулманчылык эрежелери менен союлган малдын этин түшүнөм. Ал эми көчөлөрдөгү халал деген жазуулар жарнак үчүн эле. Халал дебесе мусулмандар алышпайт. Ошон үчүн халал деп алдап саткандар көп.

Адашкан Усупбекова, 55 жашта:
– Халалды ар ким ар кандай максатта колдонушат. Арасында чын эле адал кылып чыгаргандар деле бар. Бирок көбүнчөсү эле соодасын жүргүзүү үчүн пайдаланат деп ойлойм. Өзүм азык-түлүк алганда чын эле адалдыгына карап алам.

Жакып Казаков, 57 жашта:
– Мен халал деп саткандарга ишенбейм. Анткени азыр эптеп эле соодасын жүргүзүү үчүн халал деп алдап саткандар көп. Өзүм азык-түлүк алганда халал экендигине деле карабайм. Өз көзүң менен көрбөгөндөн кийин адал, арам деп айырмалаш кыйын.

Сымбат Сатаров, 26 жашта:
– Тамак-аш алганда сыртында халал деп жазылып турса, аны «бисмилла» деп жесе, алган киши үчүн ошол адал. Эгер сатуучу арам нерсени халал деп алдап саткан болсо, Кудай алдында өзү жооп берет. Бирок халал десе эле жей берген болбойт.

koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Баш айланткан адал маселеси
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Атасынын баласы
2013-08-26 10:43:55
мен халал бильярд коргом. Ээси намаз окуган киши. Бирок ичинде акча сайышып эле ойноп жатышкан
0
Nurzada-5
2013-08-26 11:58:42
Халал деген бренд, соодагерлер учун жакшы пиар.
0
uvay
2013-08-26 13:47:02
биллярддында халалы болот бекен...тооба
0
fanatka19
2013-08-26 18:37:33
Бишкекте халал деген таксини коруп эсим оогон.
0
ainura220888
2013-08-26 23:01:36
сауна халал десе тан калдым. тобо кылдым
0
mi-li-na
2013-08-27 00:01:36
Эми ар жерге эле халал деп жаза беруу ошол соодагери болобу, же ишкери болобу, ошентип жазып алган адамдардын динден алыс же болбосо дин жаатында сабатсыз экендигинен кабар берет.
0
880909
2013-08-28 01:27:41
откон сандагы курт чыккан колбасанын аталышы да халал фирманын ээси орус эмес беле ошондуктан сертификатын коруп чын эле халал экенине 100% козубуз жеткенде гана алып колдонуубуз керек
0
aia-s
2013-08-28 17:23:58
880909, халал деген товардын сапатына жооп береби же санитардык жагынабы. мисалы мен кече дукондон фарш алдым халал деп туруптур бирок бышкандан кийин ал эттен эмес эле каргыштан жасалыптыр теринин эти окшойт жундору да журот.
анан бу кандай тушунбой жатам элди алдап эттен фарщ деп сатат болбосо эт эмес каргыш экен катуу бут токтум айтып койгулачы ушу жонундо
0
alenka
2013-08-31 14:13:00
aia-s, халал-бул шарияттын жол жобосу менен жасалган нерсе мисалы уйду сойгондо куран окуп калма келтирип кан чыгарып сойсо бул адал болот ал эми азыр гобу эле айрыкча россияда маалюы бир жерге камап эле суу себип ток тартырып олтуруп туруп анан сойо беришет экен бул арам мусулманчылыкта обгон маалдын эти арам делген сиз сурагандай халал деген соз анын сапатына санитардык жагына эмес анын кандай жол менен пайда болушуна жооп берет албетте продукция чыгарганюан кийин калган жагына да жооп бериш
0
rozka
2013-08-28 22:10:03
Халал деп адамдарды алдап саткандар жообун берет да
0
ROUSE
2013-08-31 02:36:51
ХАЛАЛ колбасаны алганда составын окунуздар! чочконун майы аралашканын бир нече ирет кордум, же алар "мусулманчылыкты кабыл алган хрюшкаларбы"???!
0
sna_kg
2013-08-31 14:16:59
халал деп станок менен союлган тоокторду деле сатып жатыша. Ошол сатуучулар Аллахтын астында кантип далилдешет.тан калыштуу
0
alenka
2013-08-31 14:17:42
мен мисалы москвадан этти только халалдан сатып алам бирок чындыгында кандай союлганын билбейм го а мен учун адал себеби мен аны адал деген жерден алдым кудай алдында жузум жарык эгер арам союлган болсо ал ошол адал дегендин гуноосу аны кудай жазалайт
0
ALBIKA
2014-09-13 21:49:25
Куйоом халал деп колбаса алып келген,эмнеден жасалганы белгисиз жесен туз менен эле ачуу мурчтун даамы келет.Малдын майын эритип кошуп да койгондой.7-8жыл мурун халал деп мечиттен

колбаса,сосискаларды алганда даамы чындап жакшы эле,азыр болсо эптеп акча табыштын рекламасы.
0
№ 564, 23-август-29-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан