КРнын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева:«КЫЗГАН МЕНИ, БИРОК БИЛДИРБЕ...»

«Кызган мени, бирок билдирбе...» Учурда бул чыгарманы кары-жаш дебей сүйүп угуп келишет. Бул ырды ийине жеткире аткарган ырчы Алтынай Нарбаева маек төрүбүзгө келип, балалык чагы, ата-энеси, сахнага кандайча келгени тууралуу айтып, бирде шаңдуу, бирде муңайыңкы отурду.

– Алтынай эже, беш-алты жылдан бери ысымыңыз сахнадан да, теледен да түшпөй келет. Буга чейин башка иш менен алектенчү белеңиз?
– №67-мектеп-гимназиясында музыка мугалими болуп эмгектендим. Быйыл 29 жылдын жүзү болду. Мугалим болгонум менен, ыр дүйнөсү мени өзүнө тартып турар эле. Бул жылдар аралыгында өзүмчө бук болуп, майда-барат нерселерге да ыйлап, албууттанып кетчүмүн. Көрсө, мендеги талант жан дүйнөмдү жай алдырбай «сен сөзсүз ырдап чыгышың керек» деп жаткан экен. Ошентип, талант ташты да жарып чыгат болуп, 32 жашка чыгып калганыма карабай чоң сахнанын босогосун аттоого бел байладым.

– Алгач сахнага кайсы чыгармаңыз менен чыктыңыз эле?
– Рыспай Абдыкадыровдун эскерүү кечесинде Сооронбай Жусуевдин сөзүнө жазылган «Айтсаң боло» деген эң татаал чыгарманы аткаргам. Ошондогу толкунданганымды, буту-колумдун титирегенин азыр сөз менен айтып жеткире албайм. Ошондон ушул кезге чейин өзүмдү сынап келе жатам десем болот. Анткени «Эмгек сиңирген артист» наамын алуу – ырчы үчүн жөн гана сыноо. Анын артында талыкпай эмгектенүү, наамдын атын актоо деген чоң тапшырма бар. Ошентсе да элимдин мени той-топурга чакырып, талантымды баалап жатканына, жаман кызынын болор-болбос өнөрүн колдогонуна терең ыраазымын.

– Сизди кыргыз сахнасындагы жалгыз аккордеончу айым катары билебиз. Эмне үчүн дал ушул аспапты тандап алдыңыз?
– Албетте, аккордеонду көтөрүп жүрүү аял киши үчүн оор. Бирок жан дүйнөм ушул аспапты тандап туруп алган. Негизи, аялзаты үчүн комуз ыңгайлуу. Мен өзгөчөлүк жаратайын дедим. Туура эле тандаптырмын, ушул кезге чейин пайдасынан башка зыянын көрбөдүм. Сырдашым да, муңдашым да, үй-бүлөмдү баккан да – аккордеонум.

– Ырларыңызда көбүнчө сагыныч, өтүнүч темасы козголгон. Аны сиз жүрөктөргө жеткире ырдайсыз. Чынында эле кимдир бирөөнү сагынасызбы?
– Ырчы угармандын жүрөгүнөн түнөк таба турган ырды ырдашы керек. Мен дагы айлана-чөйрөгө көз чаптырып, учурда элде эмне көйгөй болуп жатат, ошого жараша чыгарма тандайм. Мисалы, азыр аялы Орусияда болсо, күйөөсү Кыргызстанда. Ар кандай тагдырлар менен дүйнөнүн булуң-бурчунда жүрүп, бири-бирин сагынып, куса болгон түгөйлөр көп. Өткөндө бирөө «сиздин «Кимибизден?» деген ырыңыз биздин үй-бүлөбүздүн сакталып калышына чоң түрткү болду» дейт. Мына ушундай жашоонун ар кандай кырдаалдарына жараша чыгарма тандоого аракет кылам. Менин күнүм да, түнүм да майрамдай деп айтпайм. Менде да сагынуу, өкүнүү, кайгыруу, сүйүү жашайт жана жашай берет өмүр өткөнчө.

– Сүйүү демекчи, адамдар улгайганда да сүйүү күтүшөт дейт. Сиз күтөсүзбү? Же сүйүп, жүрөгүңүзгө сактап алдыңыз беле?
– Адам сүйүп жашабаса, тез эле картайып кетет. Азыр кырктын кырына келип калсам да, өзүмдү 25 жаштагыдай сезем. Жашоого терең караган аялдын курагына келсем да, кээде бала кыялым ойгонуп, ойногум, сүйгүм келет. Бирок жүрөгүмдө сүйүү эчак орун алган. Ал өмүрлүк жолдошума, балдарыма, жакындарыма, эли-журтума болгон сүйүү.

– Келиндин келген күнү эстен кетпейт эмеспи. Турмушка чыккан күнүңүздү эстеп кетпейсизби?
– Жолдошум экөөбүз студент кезибизде баш коштук. Ишеналы Арабаев атындагы жогорку окуу жайында мен 1-курста, ал 2-курста окучу. Экөөбүз тең группабыздын старостасы болчубуз. 1990-жылы Өзгөндөн Кызыл-Кыяга келин болуп түштүм. Мен барган айылда таяке-жээн болуп үйлөнө беришет экен. Ошондо алыстан келген келин мен болуп калдым. Башка планетадан түшкөнсүп элдин баары жалдырап мени эле карашат десең. Той бүтүп, арыктын жээгине кумгандарды жууганы баргам. Бир маалда башымды көтөрсөм, кошуналар чабалекейдей тизилип алып карап турушуптур. Уялганымды, таң калганымды айтпа. Айтор, менин келгеним алар үчүн чоң жаңылык болгон.

– «Экөөбүз тең староста болчубуз» дебедиңизби. Демек, экөөңөрдө тең лидерлик сапат бар экен. Тил табышуу оор болгон жокпу?
– Азыр деле тил табыша албай кетебиз. Ал бир ойду айтса, мен такыр башкача ойдомун. Ал техникалык, мен гуманитардык илимдерге жакынмын. Кайчы пикирлер мына ушундан жаралат. Экөөбүз балдарга бир нерсе деп акыл үйрөтүп калсак «ой, койчу, андай эмес, мындай» деп бири-бирибизге каршы чыгабыз. Бирок бирге жашайбыз. Жашоо ошонусу менен кызык экен да.

– Көпчүлүк чыгармачыл аялзатын күйөөлөрү колдобойт, «үйдө эле отур, оокатыңды кыл» деп. Сизде да ушундай учур болгонбу?
– Сөзсүз түрдө. Күндөп-түндөп гастролдо жүргөн аялды кайсы эркек жакшы көрөт? Эртең менен кетип кечинде келем. Мунун айынан экөөбүздө пикир келишпестиктер жаралып, «ырдабай эле кой» деп үйдөн чыгарбай койгон учурлары да болгон. Ырдайт десе эле ойноп-күлөт деп түшүнүшөт турбайбы, көрсө. Бирок тырышчаактыгым, өжөрлүгүм менен чоң сахнанын босогосун аттадым. Кийин ал баарын түшүнүп, менин оюмду да сыйлоого өттү. Азыр чыгармачылыгымды колдогондордун сап башында өмүрлүк жолдошум турарын, ага ыраазы экенимди айткым келет.

– Чыгармачыл айым бош убакта кантип эс алат болду экен?
– Кино көрүп эс алам. Бассейнге тез-тезден барып турам. Сүзгөндү аябай жакшы көргөндүктөн, кадимкидей энергия алам. Ошондой эле ырчы кыздардын арасында өзүбүзчө отурушубуз бар. Алар менен баарлашып, сыр чечишип алабыз.

– Эми баёо кез балалыгыңызга кайрылып, андагы кызыктуу көз ирмемдерди эскерип өтсөңүз...
– 1967-жылы 6-мартта Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылында жарыкка келгем. 8 бир туугандын кичүүсү болгондуктан, айтканым айткан, дегеним деген болуп, өтө эрке болуп чоңойдум. Эрке болсоң эч кимге жакпайсың да, көрүнгөнү келип башка чаап кетет. Апам болушарын билип, жумуштан келгиче ыйлап отура берчүмүн. Келгенде «тиги тепти, бул урду» деп даттанып жатып калам. Анда апам «Кийин ушул Алтынайга зар болуп каласыңар, кичинекейди урганга кантип колуңар барды?!» деп алардын жазасын берер эле.

– Мектепте кандай окуучу элеңиз?
– Үлгүлүү, активист окуучулардын катарында элем. Орус тилден берген Лида Николаевна, Мария Александровна деген эки мугалимибиз бар эле. Орустар эринине кыпкызыл помада коюп алышат го. Бир жолу Лида Николаевна сабак өтүп жатып «тоолько, тоолько» деп жатпайбы. Үйгө келгенде аны туурап сүрөт тарткан калем менен эрдимди боёп, күзгүнүн астына туруп алып «тоолько, тоолько» дептирмин. Ошондон кийин бир туугандарым мени шылдыңдап, Только деген ат коюп алышкан. 8-Мартта Мария Александровнага открытка бермек болуп, «Мариялак Сандровна, поздравляю!» деп жазып салыптырмын.

– Арманыңыз барбы?
– Арманым эле ата-энемдин өмүрдөн өтүп кеткени. Ата-энең аска-тоо, арка-бел болот экен. Алар бул дүйнөдөн өтүп кеткенде ээн талаа, эрме чөлдө калгандай сезет экенсиң өзүңдү. Көзү өтүп кетсе да, алардын айткан ар бир сөзү, акыл-насааты мага дем-күч берип, элеси өмүр бою жүрөгүмдө эстелик болуп кала бермекчи.

– Маегиңизге рахмат!

Асел Асанова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Жолдошумдун каршылыгына карабай ырчы болгом"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
ebba
2013-08-26 11:04:25
Talantynyzga taazim.sizdin yrlarynyzdy joldoshum ekoobuz daiyma ugup jurobuz.
0
nazira1989
2013-08-26 17:01:23
Талантынызга таазим,элиниздин эрке кызы болуп журо бериниз эжеке!!!(Маалыматты бир сыйра карап койгулачы админдер,катачылык бар экен!)
+1
nazira1989
2013-08-26 17:03:55
32 жашка чыгып, – 1967-жылы 6-мартта Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылында жарыкка келгем.Урматтуулар ката кетти.
0
admin_media
2013-08-26 17:12:52
nazira1989,
Саламатсызбы! Негизи, сахнага 32 жашында келиптир Алтынай Нарбаева. А өзү 1967-жылы төрөлгөн. Макаланы жакшылап окуп чыксаңыз, түшүнөсүз, рахмат!
-1
Asecha
2013-08-26 17:19:51
nazira1989, бул жерде мааниси: "Жаш кезимде эмес, 32 жашка келгенимде ырдап чыккам" деватат, "Азыр 32 жаштамын" деген жок, тушунсонуз...
0
jemile
2013-08-26 17:31:03
Көздөрүн сүзүп,берилип ырдаганы сонунда эженин
0
Kg.lady
2013-08-26 17:57:18
Обону татаал ырларды аткарат негедир
0
Positive
2013-08-27 17:55:30
mm maga jagat uwul yr4y. yrkary sonunda. 4ygarma4ylyk iygilik, ui-buloluk bakyt kaalaim
0
shuma94
2013-08-29 15:15:33
kyzgan meni birok maga bildirbe. Degen yry uwul saitta barby
0
admin_media
2013-08-29 15:19:48
shuma94,
Саламатсызбы! Ооба бар)
Клип:
http://www.super.kg/media/video/85889/
Аудио:
http://www.super.kg/media/audio/85887/
-1
arisbekov
2014-03-02 22:13:03
Талантыныз оркундой берсин ырларыныс уккулуктуу аябай сонун
0
№ 564, 23-август-29-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан