2013-жылдын 20-августунда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Соцфонддун башчысы президентке быйылкы жылдын 1-октябрынан баштап пенсияларды жогорулатуу боюнча пландар жөнүндө маалымдады. Индексациялоодон кийин пенсиялардын өлчөмү 11 пайызга көбөйөт жана
4554 сомду түзөт. Пенсияларды жогорулатуу 571 000 пенсионерди камтыйт. Тирилик минимумунан төмөн пенсия алган адамдардын саны пенсияларды жогорулатуунун жыйынтыгы боюнча 3 пайызга төмөндөйт жана 334 000 адамды түзөт.
Жолугушууда ошондой эле фонддун ишинин маселелери жана анын бюджетинин аткарылышы, өлкөнүн пенсия тутумун өнүктүрүүнүн концепциясы талкууланды.
Гүлмайрам Сабырбекова,
Эльвира Караева
politika@super.kg