«Жолго бир «зебра» түшүрүүгө мэрия айткандай 13 литр эмес, 6 литр гана сыр жумшалат. Муну биз жазында акция өткөргөндөн улам билебиз»,- деди жаш активист Айбек Баратов. Үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде анын демилгеси менен «Зебра» аттуу акция болуп, анда бир катар борбордук көчөлөрдүн Бишкектеги жөө жүргүнчүлөр өтүүчү бөлүктөрү боёлгон. Бул ишке канча каражат сарптала турганын өз көзү менен көргөн Айбек Баратов учурда Бишкек мэриясы жол белгилерин коюуда далай акчаларды сол чөнтөккө салып жаткандыгын билдирди.
Жаш активисттин айтымында, бийлик сырдын баасын туура эмес көрсөтүп жатат. Анын билдиришинче, Биринчи Май райондук администрациясынан сырдын 1 литрин 250 сомдон алышарын айтышкан. Ушул эле сырдан айырмасы жок Орусия чыгарган сырды Баратов апрель айындагы акция учурунда килограммын 180-200 сомдон алган. Администрация сырды көп көлөмдө жана дүң баада алат, андыктан баа айырмасы да 50-70 сомдон жогору болот. Мындан сырткары мамстандарт боюнча «зебранын» ар бир чийигинин туурасы 40 сантиметр болушу керек. Бишкек шаарында окуу жайлардын айланасындагы көчөлөрдө гана бул стандарт сакталып, башка аймактарда 30 сантиметр экендигин, документтерде 40 сантиметр боюнча көрсөтүлүп жаткандыгын билдирет ал.
Демек, дагы бир топ акча бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кетет.
Гүлмайрам Сабырбекова,
Эльвира Караева
politika@super.kg