Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик туунун жаңысы илинерин вице-мэр ДАСТАН ХОЖАЕВ айтты.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд экс-президент КУРМАНБЕК БАКИЕВДИН үй-бүлөсүнө таандык болгон жана улутташтырылган Як-40 учагын 4,2 миллион сомдук старттык баа менен сатыкка койду. Аукцион 27-сентябрда «Манас» аэропортунда өтөт.
КЫЙМЫЛДУУ МҮЛК салыгын төлөө мөөнөтү 2013-жылдын 1-сентябрына чейин жылдырылды. Эгерде автоунаа салыгы убагында төлөнбөсө, 2 миң сомдук айып пулга жыгуу каралган.
«Кыргызтелеком» ААКсынын жаңы төрагасы болуп АЛМАЗБЕК КАДЫРКУЛОВ дайындалды.
Жогорку Кеңеште парламентаризмди өнүктүрүү жана парламенттин мыйзамдуу ишмердүүлүгүн илимий-укуктук камсыздоо максатында ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨЧҮ борбор түзүлдү.
Мамлекеттик салык кызматы: "2013-жылдын 1-августуна карата республика боюнча салык төлөөчүлөр мамлекетке 298 МИЛЛИОН СОМ карыз, анын ичинен «Тазалык» ишканасы, «Кыргызгаз», «Күрмөнтүцемент» жана «Нарынгидроэнергострой» ААКларынын эң көп бересеси бар".
Үстүбүздөгү жылдын башынан бери өлкөнүн каналдары менен көлдөрүнө 80 КИШИ чөгүп каза болгон, анын 21и жаш балдар.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту жаратылыш ресурстары боюнча экс-министр ЗАМИРБЕК ЭСЕНАМАНОВ баштаган лицензия берүүчү комиссиянын 6 мүчөсүн актады.
Вице-премьер ТОКОН МАМЫТОВДУН АЙТЫМЫНДА, кыргыз-тажик чек арасынын 400 чакырымында талаш-тартыш жаратуучу тилкелер бар.
Быйыл Орусия менен Казакстандын чек ара боюнча жогорку окуу жайларына 55 КЫРГЫЗСТАНДЫК жаран өттү.
Өлкө ичинде 2013-жылдын 7 айында 767 ЖОЛ КЫРСЫГЫ катталып, анда 58 киши жан берсе, 708 адам түрдүү жаракаттарды алган.
Токмокто 28-август күнү мамлекеттик жана коомдук ишмер СУЛТАН ИБРАИМОВДУН 85 жылдыгына арналган эстеликтин ачылышы болуп өттү.
Бишкекте күйүүчү майдын баасы 1-1,5 СОМГО кымбаттады.
Кара-Көл шаарында 21-августта ири жол кырсыгы катталып, анда 7 АДАМ КАЗА БОЛУП, бирөө жарадар болгон.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, быйылкы окуу жылы 3-СЕНТЯБРДА башталат.
БУУнун өнүктүрүү программасы билдиргендей, Кыргызстанда башталгыч класстын 400 МИҢ окуучусу мектептен тамактанышат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ruslan_92kg
2013-08-26 23:25:51
Бакиевдин учаган мамлекетке откорсо болбой беле
0
future_kg
2013-09-01 16:22:13
эптеп бюджетти толтуруш керек да!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.