Премьер Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт башчылыгына келгенден бери 1 жыл өттү. Андыктан «1 жылда эмне иш кылды? Эмне жылыш болду? Кандай иштеди?» деген суроолордун жаралышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Популярдуу «Дизель» интернет-сайтында жүргүзүлгөн сурамжылоодо интернет колдонуучуларынын 70 пайызы премьер Жантөрө Сатыбалдиевдин ишмердүүлүгүнө терс баа берди. Биздин гезиттин
расмий super.kg порталында жүргүзүлгөн сурамжылоодо да колдонуучулардын көпчүлүгү жалпы өкмөттүн ишмердүүлүгүн канааттандырарлык эмес деп баалашууда.
Эскерте кетсек, сентябрь айынын башында Жантөрө мырза баштаган өкмөттүк курамдын иштеп жатканына бир жыл толот. Апрель окуясынан кийин өкмөт башчылыкка келген Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабановго салыштырмалуу учурдагы премьерге иш жыйынтыгын көрсөтүү үчүн толугу менен бир жылдык убакыт берилди. Бул аралыкта коомчулук тарабынан өкмөткө жааган сын-пикирлердин эң көбү кадрдык саясат жаатында болду. Атүгүл эл ичинде учурдагы министрлер кабинети «пенсионерлердин өкмөтү» атыкты. Андан тышкары кыш мезгилиндеги жарык менен газдын өчүрүлүшү, чек арадагы чатактар, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, өлкөдөн шашылыш чыгып кетүүсүнө байланыштуу сындар көп айтылды. Элдин жашоо шартында оң тарапка байкаларлык жылыш жок, жакырчылык өсүп жатат. Ал эми «Кумтөр» кени боюнча сүйлөшүүгө чекит сентябрь айында коюлушу күтүлүүдө. Дал ушул маселе азыркы министрлер кабинетинин тагдырын чечүүчү ролду ойноп калышы мүмкүн.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg