«Миң кыял» радиосунун аурасыбы же кандай экенин билбедик, бирок байкашыбызча, анын астанасын аттаган ди-джейлерди махабат бакчасы күтүп турат көрүнөт. Дегенибиз, былтыр аталган радионун ди-джейлери Расул Мырзатегин менен Махабат Жумабек кызы баш кошушкан. Салтты уланталы деп чечишкенби, быйыл минтип экс-ди-джейлери Алтын Мырза менен Гүлназ Бакир кызы 15-август күнү баш кошуп отурушат. Учурда эки жаш борбор калаада эс алышууда. Жакын арада алар кайра Орусияга кайтып кетишмекчи.