Түнкү саат 3тө кыздардын уйкусун бузган рэпер жигит Бегиш жан шеригин тааптыр. Өзүнүн социалдык баракчасына келишкен бакыраң көз сулуунун сүрөтүн илип «жүрөгүмдүн жарымынын ээси» деп жазды. Көргөндөрдүн бардыгы азырынча «эң сулуу» деген гана баа берип жатышат. Баса, рэпердин жүрөгүн багындырган сулуунун аты Айжан, 18 жашта. Эми махабат балын таткан Бегиш күйөрман кыздарын унутпай, алар үчүн мыкты чыгармаларды жаратууну унутпаса экен.