Таланттуу кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаров 52 жашында ЖОЖдун босогосун аттап, экзамен тапшырып, студент болуп отурат. Тактап айтканда, жаңы окуу жылынан тарта Эрнест агабыз Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын клавишалык аспаптар факультетинин 3-курсуна отурмакчы. Кызыгы, режиссёр күндүзгү окуу бөлүмүнөн билим алат. Бул тууралуу режиссёрдун уулу Санжар Абдыжапаров «Атам абитуриенттер менен кошо сынак тапшырып, окууга өткөнүнө сүйүнүп келди. Анан да «агайыбыз аябай жакшы экен» деп жаш балача кубанып алган. Учурда атам Алтайга, зыяратка кеткен. Буюрса, ал жактан август айынын аягында келет. Келип эле окуусуна киришет» деп билдирди. Эске салсак, Эрнест Абдыжапаров буга чейин орус тили жана адабияты адистиги боюнча жогорку билим алган.