Съездбек Искеналиев продюсерлик кылган «Карт бойдок» тасмасы Орусиянын Анапа шаарында 15-22-сентябрь күндөрү өткөрүлчү эл аралык «Киношок» кинофестивалында көрсөтүлөт. «Карт бойдок» тасмасы менин алгачкы продюсерлик жумушум. Тасмабыздын бул фестивалга катышууга укук алганын киносынчы Гүлбара Төлөмүшова кабарлады. Албетте, катышуу укугуна ээ болуу биз үчүн чоң жетишкендик»,- дейт кубанычы коюнуна батпаган Съездбек. Мындан сырткары аталган фестивалда «Салам, Нью-Йорк!», «Кумар», «Кыргызстан, мен сени сүйөм!», «Мурас сыры», «До+Фа», «Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгуу керек?», «Такси жана телефон», «Өгүз аял», «Зефир», «Кара далы» сыяктуу тасмалары да көрсөтүлөт.