Бул жума кыргыз эли эки оор жоготууга учурап, эки таланттуу азаматынан, «Тагдыр» телеберүүсүнүн жаратуучусу 53 жаштагы Болот Макетаевден жана «Азия Микс» командасынын оюнчусу 26 жаштагы Ренат Тентимишовдон айрылды. «Супер-Инфо» гезитинин жамааты алардын үй-бүлөсүнө, досторуна, жакын адамдарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.
ТАГДЫР ЭКЕН, БАШ ИЙДИҢИЗ ТАГДЫРГА...
Болот Макетаев кыргыз телевидениесинде өзүнүн «Тагдыр», «Кесип», «Биздин айыл» автордук программалары менен калың журтка таанымал болгон тележурналист. Анын эл ичиндеги канчалаган татаал тагдырларды эфирге алып чыгып, аларга жардам бергени элдин эсинде. Болот агай акыркы убакта боор оорусунан жабыркап жүргөн. Акыры бул дарт аны алып тынды. Маркумдун сөөгү 22-августта кичи мекенине, Кочкор районунун Кум-Дөбө айылына коюлду.
Мая Арстанбекова, Болот Макетаевдин кесиптеши:
– Агай экөөбүз 12 жыл чогуу иштедик. Ушунчалык мээримдүү, өз жумушун мыкты билген инсан эле. Мындай мыкты журналисттер чанда гана жаралат. Тагдыр экен, тагдырына баш ийип кете берди. Артында үй-бүлөсү, 1 уул, 2 кызы калды.
Жайыңыз жаннаттан болсун, Болот ага!
Ала-Тоодой иш кылдыңыз аз жылда,
Алтын, күмүш издер калды артыңда.
Жабыркаган жан дүйнөнү сакайткан,
Жакшы сөзүң жашайт дайым калкыңда.
Татаалдыгын айтып жүрүп тагдырдын,
Тагдыр экен, баш ийдиңиз тагдырга...
Жеңишбек Жумакадыр
РЕНАТ, БИЗ СЕНИ УНУТПАЙБЫЗ!
Ренат көпчүлүккө «Большие люди» долбоорундагы Баха братандын ролу аркылуу таанылган. Ал гана эмес, «Общага» телесериалынын сценарийин жазууга катышып, тасмада роль жаратууга да жетишкен. Маркум 22-августта туулуп-өскөн жери Кочкор районунун Мантыш айылында жерге берилди. Ренат жөнүндө «Азия Микс» командасынын директору Камила Абдил: «Ренат биз үчүн жөн гана Рася же Тенти эле. Биздин долбоорго 2010-жылы кошулган. Эсимде, жаңы келгенинде токтоо, сүрдүү жигит эле. Командага кошулган соң аябай ачылып, ачык мүнөз, шайыр жигитке айланды. Ал жаратчу ийгиликтер али алдыда болчу. Тагдыр экен, шум ажал колубуздан жулуп кетти. Анын өлүмү тууралуу маалымат булактары ар кандай варианттарды жазып жатышат. Чынында, анын жүрөк оорусу бар экенин билбептирмин. Анткени эч кимге оорусу тууралуу даттанчу эмес. Билгенде дарылантып, алдын албайт белек. Акыркы жолу ага өткөн жума күнү жолуккам. Көрсө, акыркы жолугушуубуз тура. Ренат, биз сени эч качан унутпайбыз!»- деп көзүнө жаш алып эскерип өттү.