18-августта Болгарияда аяктаган жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова коло медаль утту. Ал алгачкы беттешинде канадалык балбанга утулуп, алтындан үмүтүн үзгөн. Калган беттештериндеги жеңиштери ага коло медаль алып келди. Айсулуунун машыктыруучусу Нурбек Изабеков: «Айсулуу биринчи беттеште бир ыкма менен утуп кетмек. Бирок ыкманы аткарууда жаза басып, жеңилип калды»,- деди. Эске салсак, Айсулуу ушуну менен 2013-жылда ири мелдештерден 3-медаль тагынды. Буга чейин эсебине Азия чемпиондугунун алтынын жана Бүткүл Дүйнөлүк Универсиаданын күмүш медалын жаза алган. Бул албетте, 2016-жылкы Олимпиада оюндарынын алдында элибизге чоң үмүт болуп берет.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg