АКШда КЫРГЫЗ БАЛБАНДАРЫ ИЙГИЛИК ЖАРАТТЫ

Жакында АКШдагы Огайо штатында кыргызстандыктардын демилгеси менен эркин күрөш боюнча жыл сайын өтүүчү мелдеш жыйынтыкталды. АКШнын бардык штаттарынан жана Орусиядан барган спортчулардын катышуусундагы мелдеште «Manas wrestling club» спорттук клубунун балбандары жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээлешти. Командага бир америкалык жана бир армениялык жигитти кошуп алган кыргыздардын командасынан 9 балбандын 7си байгелүү орундарга илинишкен. Жалгыз алтынды Адилет Раманов (66 килограмм) тагынса, Талант Жанагулов (140), Натаниель Робинсон (40), Дастан Мамбетов (84), Салман Искаков (55) жана Азиз Бешалиев (66) 2-орунду ээлешти. Ошондой эле Ильямин Турдубаев (84) 3-орунду, Азиз Кокс (60) менен Саргис Гаспарян (74) 5-орунду ээлешти.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
inoplanetyanin
2013-08-26 10:56:33
azamatsynar!
0
№ 564, 23-август-29-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан