МОСКВА МЫКТЫЛАРДЫ АНЫКТАДЫ

10-18-август аралыгында Орусия тарыхында биринчи жолу жеңил атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугун кабыл алды. 206 мамлекеттен катышкан мелдеште көзгө урунганы ямайкалык жөө күлүк Усэйн Болттун 100 метрлик жарышта, ал эми орусиялык Елена Исинбаеванын шыргый менен секирүүдө Дүйнө чемпиону аталгандары болду. Болттун алтыны жаңылык эмес дечи, акыркы жолу 2007-жылы Дүйнө чемпиону аталган Еленанын ийгилиги чоң талкуу жаратты. Орусиянын желегин обого көтөрүп, гимнин жаңырткан Елена айым сыйлык алуу маалында көз жашын токтото албады. Анан: «Мен эми 1 жыл эс алам. Эс алуу маалында турмуш куруп, бала төрөйм»,- деп билдирип, анын жеке жашоосун биле албай жүргөн журналисттерге чечилип сүйлөп берди. Негизинен, Москвада 17 медаль менен командалык эсепте 1-орунду Орусия ээледи. Экинчилик АКШга кетсе, Болт баштаган Ямайка 3-орунду ээледи. 

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Aisuluu7
2013-08-26 09:08:55
Лена мага аябай жагат. Азаматсын!
0
blak.star.kg
2013-08-26 12:33:25
Красавица!
0
gapirova
2013-08-27 12:05:36
tak derjat'!
0
omurbek9393
2013-08-27 20:23:23
Озу айткандай эс алчу иш кылыптыр.
0
№ 564, 23-август-29-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан