ТАРТИП САКЧЫЛАР МЕНЕН БИРГЕ НӨӨМӨТТӨ

«Менин милициям мени коргойт» дегенге азыр көптөр ишенбейт. Бирок кандайдыр бир мыйзам бузуу болуп жапа чексек, баары бир тартип сакчыларга кайрылууга мажбурбуз. Тартип сакчыларынын бир күндүк жумушу кантип өтөрүн билүү максатында Бишкек шаарынын Ленин РИИБине бардык. Кечки саат 6дан таңкы 4кө чейин нөөмөттөгү кызматкерлер менен чакырууларга бирге барып, түрдүү окуяларга күбө болуп кайттык.

ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛУУ, МЕЗГИЛСИЗ ӨЛҮМ
Тартип сакчылар менен болгон сапарыбыз 18:30дар чамасында башталды. Алгач эле Ак-Өргөө конушунун 52 жаштагы тургуну дайынсыз жоголгону тууралуу чакыруу келип түштү. Аталган жерге барганда жоголгон жарандын туугандары анын 8 күндөн бери дайынсыз экенин айтышты. Милиция кызматкерлери «киши колдуу болушу мүмкүн» деген шек менен үйдүн ичинен баштап, короого чейин тинтип чыгышты. Бирок эч кандай далилдүү нерсе табылган жок. Ошол убакта Шевченко көчөсүнөн европа түспөлүндөгү кишинин сөөгү табылганы тууралуу чакыруу болуп, нөөмөт тобу дайынсыз жоголуу боюнча ишти аймактык инспекторлорго өткөрүп берип, Шевченко көчөсүнө жөнөштү.
Каза болгон 43 жашта, орус улутундагы жаран экендиги такталды. Ал үйүнөн чыгып жыгылып калыптыр. Эксперттер маркумдун денесинен эч кандай зордук-зомбулуктун белгисин таппай, өз ажалы менен өлгөндүгүн айтышты. Коңшуларынын айтымында, каза болгон жаран эпилепсия менен ооруп жана көптөн бери арак ичип жүргөн.

МЫЙЗАМСЫЗ СООДАНЫ ДА МИЛИЦИЯ КАРАЙТ
Андан кийин №1-шаардык милиция бөлүмүндө рейд учурунда кармалган тартип бузган, мас жарандардын өздүгүн тактоого жана уурулук фактысы менен кармалган шектүү менен күбөлөрдү беттештирүүгө катыштык. Формачандардын сүрүбү, айтор, «ызы-чуу кылды» деген мастар унчукпай, баштарын жерге салып туруп беришти.
21:30дар чамасында Үмөталиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочусу «Жанаша жайгашкан батирдин эшигин бирөө тепкилеп, тынчыбызды алууда» деп кабарлады. Айткан дарекке барганыбызда эч ким жок болуп чыкты. Милицияны чакырган жашоочунун айтымында, бул батир суткалык мейманкана катары пайдаланылгандыктан, ызы-чуу көп болот. Милиция кызматкерлери эшикти такылдатса эч ким ачпай, «батирдин ээсин таап териштиребиз» дешти.
Кийинки чакыруу 23:30дар чамасында катталып, анда Ленин райондук акимиат кызматкерлери Жибек Жолу көчөсүндө мыйзамсыз соода жүргүзгөндөргө чара көрүүнү суранышты. Тартип сакчылар «Мындай чакыруулардын таптакыр бизге тиешеси жок» деп нааразы болуп, бирок барышты. Ал жерде акимиат кызматкерлери менен тартип сакчылары жол жээгине чыгып шишкебек саткан адамдын мангалын алып кетишти. Муну алар «Буга чейин да бир нече ирет «көчөнүн боюна чыкпагыла» деп эскерткенбиз, ошентсе да чыгып шишкебек сатып жатышат» деп түшүндүрүштү. Мангалдын ээси «Биз ушуну менен тирилик өткөрөбүз. Карапайым калктын колундагы нанын алгандан мурун, чоңдордун жол боюндагы ресторандарына кол тийгизип көрбөйсүңөрбү» деп капа болуп кала берди.

ТААНЫШЫҢ БОЛСО УУРУ ЭМЕССИҢ
Бул түнү аталган РИИБде киши өлтүрүү сыяктуу оор кылмыштар катталган жок. Ал эми майда-чүйдө деп эсептелген чакырууларга ошол аймакка жакын жайгашкан милиция бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери жөнөтүлүп жатты. Саат 2:30дар чамасында «ИИМде иштейм» деген адам келип, уурулук боюнча шектелип кармалган 19 жаштагы тууганын чыгарып кетүүгө аракет кылды. Ал тууганын чыгарып кеттиби же чыгарбай коюштубу кабарсыз калдым. Сурасам, бул туурасында нөөмөттөгү кызматкерлер «Эч нерсе билбейбиз» дешти. Мындай иштер кандай аяктаары баарыбызга эле маалым. Жөнөкөй адамдар болбогон нерсе үчүн эле камалып кетишсе, таанышы барлар бир күн отурбай чыгып кеткен учурлар көп. Милиция кызматкерлери кармап келсе, тааныштары чыгарып кеткен учурлар көп эле болот экен. Керек болсо, эркиндикке чыккандан кийин келип учурашып «Чыгып кетем деп сага айттым го» деп демитип кеткендер болгонун тартип сакчыларынан уктук.

ОСМОН ЖАЙЧИБЕКОВ, Нөөмөт бөлүмүнүн башчысы:
– Биздин райондо бир суткада болжол менен 30дан 50гө чейин ар кандай кылмыштар катталат. Алардын арасында үй-бүлөлүк чырлар менен кайрылгандар, уурулук, тоноочулук фактылары бар. Чакырууларга баруу үчүн суткасына төрт топ иш алып барат. Ар бир топ өз нөөмөтү учурунда кызматтарын так аткарып, жашоочулардын коопсуздугун жана шаардагы тартипти сактаганга болгон аракеттерин жумшашат.

 

 

«КЫЗЫКТУУ ЧАКЫРУУЛАР ДА БОЛОТ»
Чогуу жүргөн бул түнү милиция кызматкерлери башынан өткөн кызыктуу чакырууларды эстеп күлүп айтып беришти. Тартип сакчылардын бири «Эмнеге экенин билбейм, Жал кичи району тараптан күлкүлүү чакыруулар көп болот» дейт:
– Чалып «Сыналгым иштебей калды» дегендер, «Газ эмнеге жок?» деп кайрылгандар да кездешет. Бир жолу Жал кичи районунун тургуну чалып «батыраак келгиле» деп шаштырып калды. Барсак, үйүнүн коңгуроосун көрсөтүп «Чырылдап токтобой жатат» дейт.
Дагы бир жолу чакыруу болуп, барсак, чакырган адам мас экен. Ал «Кошунамдын мышыгы уктатпай жатат» деп арызданган. Бир ирет рейд учурунда мас адамды кармап келдик. Келген соң өздүгүн тактоо үчүн аты-жөнүн сурасак, уктап турбай койду. Эптеп ойготуп, сурасак, «Өзүңдүн эле фамилияңды жазып койчу» дейт.

ЛЕНИН РАЙОНУ БОЮНЧА 26-27-АВГУСТТА БИР СУТКА ИЧИНДЕ КАТТАЛГАН КЫЛМЫШТАР:
денеге атайын зыян келтирүү – 9
дайынсыз жоголгондор – 2
мезгилсиз өлүм – 3
өз өмүрүнө кол салуу – 1
тоноо – 1
уурулук – 7
алдамчылык – 5
бейбаштык – 2

Ошентип, милиция кызматкерлери менен болгон бир күнүбүз аяктады. Көп адамдар терс ойдо болгон милиция кызматкерлеринин тартипти жана элдин коопсуздугун сактоодо салымы чоң экендигине ынандык.

Айбала Эргешов
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Тартип сакчылары менен бирге нөөмөттө
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 565, 30-август-5-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан