Кулакка түрдүү нерселер кирип кетиши мүмкүн. Мисалы, уктап жатканда таракан, кумурска, ал эми сыртта жүргөндө чымын, көпөлөк. Жаш балдар ойноп отуруп кулагына оюнчуктун майда бөлүгүн салып жиберген учурлар да кездешет. Мындай учурда адам жакынына же өзүнө жардам көрсөтө алабы? Бул боюнча Улуттук госпиталдын кулак, мурун, тамак, моюн хирургия бөлүмүнүн врачы БАКЫТ АЛИАСКАРОВ баяндайт.
БӨТӨН ЗАТТАР 3 КАТЕГОРИЯГА БӨЛҮНӨТ
Жалпысынан кулакка кирген нерселер бөтөн заттар деп аталат.
Тирүү бөтөн заттар. Буларга курт-кумурскалар (көпөлөк, чымын, жөргөмүш, таракан, кумурска жана башкалар) кирет.
Кулакка киргендеги белгилери: катуу оорутат, кирген нерсе чыгууга жол издеп кыбырагандыктан дүңгүрөгөн, кужулдаган үн угулат. Угуу төмөндөйт.
Өсүмдүктөргө таандык бөтөн заттар. Мисалы, семичке, нокот, төө буурчак, жемиштин уругу жана башкалар.
Кулакка киргендеги белгилери: көөп чыгып, үн кирүү жолун тосуп калат. Адам жакшы укпай баштайт. Адегенде кулактын ичинде барсайган бир нерсе пайда болгондой туюлуп, анан катуу оорутуу жаралат. Шуулдаган дабыш угулуп, баш айланып, көңүл азат.
Башка жансыз бөтөн заттар: топчу, шуру, кебез, майда таш, оюнчуктардын майда бөлүгү жана башкалар.
Кулакка киргендеги белгилери: булар узакка өздөрү тууралуу белги беришпейт. Бирок көпкө туруп калса оорутат, учтуу нерселер кулактын ткандарын сезгентип, шишитет. Адамдын өзүнүн сүйлөгөндөгү үнү кулагына жаңырат.
Кулакка кандай нерсе кирбесин, кулкунун чыгуу жолу тосулат. Анан кулку менен бөтөн зат биригип, көлөмү чоңоюп, абалды оордоткону менен коркунучтуу.
ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
Кокус адам тоо-талаада же дачада жүрүп, врачка баруу алыстыкты жаратса, анда эмне кылуу керек деген маселе туулат. Бул жааттагы кеңеш:
1. Кулакка эмне кирип кетсе да, алгач ошол кулакты ылдый салаңдатып, башты силкилдетүү же секирүү керек. Кээде бул ыкма жардам берет.
2. Тирүү зат кирип кетсе. Кирген нерсе кулактын оозуна жакын болсо, анда искек менен акырын алып чыкса болот. Эгер терең кирип кетсе, анда ошол кулакты өйдө каратып жатып, пипетка менен май (өсүмдүк же зайтун майы, же балдардын терисин күтүү үчүн чыгарылган май) тамызуу керек. Кирген чымын же таракан майга чөгүп өлүп, канча бир убактан кийин оорутуу сезилбей калат. Анан жылуу сууну чоң шприцке же резина грушага сордуруп алып, аны кулакка аздан чуурутуп куюп, жуу зарыл. Калдыгы акырындап кулактан чыгып кетет. Май ордуна 40 пайыздуу медициналык спирт же арак куйса да болот. Бөтөн затты өз алдынча чыгарган күндө да, баары бир врачка барып, текшерилип коюу керек.
Эскертүү: Кулактан кан же суюктук агып жатса, же отит оорусу бар болсо май, спирт, арак куйганга болбойт. Болбосо ириңдөө, угууну жоготуу күтүлөт.
3. Жансыз бөтөн зат кирип кетсе. Кулактын оозуна жакын жерде болсо, искек менен алып чыгарылат. Металлдан жасалган кичине нерсе кирсе, анда магнитти кулакка жакындатып, тартып алса болот.
Ал эми кирген нерсе терең кетип калса, мейли, өсүмдүккө таандык зат (семичке, нокот) же майда таш, шуру болсун, анда чукулабай врачка гана кайрылуу зарыл. Анткени чукулайм деп ансыз да жабыр тартып турган кулакты жара кылып же кулак тарсылдагын жарып алуу мүмкүн.
ВРАЧТАР КАНТИП ЖАРДАМ КӨРСӨТҮШӨТ?
Врачтар ылайыгана карап башы мокок же учтуу атайын медициналык илмек (крючок) менен алып чыгышат. Кулакты атайын суюктук менен жууп-тазалашат. Сезгенүүгө жана микробдорго каршы дары-дармек беришет. Кээде алып чыгууга мүмкүн болбой, жашоого коркунуч келсе, операция жасалат.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg