«Жабыркап барат жаным,
Алсырап соолуйт каным,
Жан тумарым, сени эстеген сайын...»- деп жаңыдан аты чыгып келе жаткан ырчы жигит Жоодарбешимдин бойдокчулук жашоосуна баш багып, андагы сырларды алып чыктык.
ЖООДАРБЕШИМ ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 16-апрель
Туулган жери – Токтогул району, Чоң-Арык айылы
Билими – Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын астындагы 2 жылдык студияны аяктаган
Хоббиси – Ыр жазуу
Фобиясы – Бийиктик
Учурда – Жеке ырчы
Репертуарындагы ырлары – «Жан тумарым», «Өкүнбө» жана башкалар
– Жоодарбешим, кепти балалык күндөрүңдөн баштабайлыбы?
– Балалыгым Токтогулдун Чоң-Арык айылында өткөн. Тогуз бир туугандын эң кичүүсүмүн. Баары көзүңдү карап турса эркелеп, тайраңдап кетет экенсиң. Мектепти деле кыйратып окубадым, атам «Кичинекейибизди ыйлатпагыла, ошол эч нерседен кем болбосун, көңүлүнө карагыла» деп жүрүп чоңойтту.
– Бапестеп баккан ата-энең, бир туугандарың тууралуу да айта кетсең...
– Атам Табылган 66 жашта. Убагында мыкты обондорду чыгарып жүргөн. Чоң атамдын көптөн күткөн, карыганда тапкан уулу десем болот. Анткени көп жылдар бою балалуу боло албаган чоң атам 12 аял алыптыр. Атам 23 жаштагы аялынан төрөлгөн уулу. Апам Гүлсада 63 жашта.
Ата-энем айылда турушат. Бир туугандарым өз жумуштары менен алек. Азыркыга чейин көңүлүмдү кыя албай, айтканымды эки кылышпайт. Мисалы, акча сурасам, башында «Эмне кыласың?» деп урушушат. Кайра 1-2 сааттан кийин телефон чалып, «Эмне болдуң, алып барып берейинби?» деп калышат. Андайда мени колдогон жакындарым бар экенине миң мертебе ыраазы болуп кетем.
– Нурлан Насип экөөңөрдү тууган деп укканыбыз бар...
– Ооба, экөөбүздүн чоң аталарыбыз бир тууган. Нурлан менен убагында бир кесим нанды бөлүп жечүбүз. Ата-энелерибиз катташып турушат. Ошентсе да анча-мынча түшүнбөстүктөрдөн улам Нурлан экөөбүз бир аз таарынышып жүрөбүз.
– Үйдүн кенжеси болсоң «үйлөн» деп шаштырышпай элеби?
– Атам канча жылдан бери эле «Үйлөн, көзүбүз өткөнчө сенин жубайыңдын колунан чай ичип калалы» деп айтып келе жатат. Мага койсо азыр эле үйлөнүп, ата-энемди багып отургум келет. Үй-бүлө курууга шартым деле бар. Дагы бир аз иштеп, карьерамды бир калыпка салып алсам эле үйлөнөм.
– Үйлөнөм дегениңе караганда алчу кызың даяр окшойт, ээ?
– (Күлүп) эми мага кыз табылса керек... Азырынча жүрөк бош. Акыркы эки жылдан бери эч кимди сүйө элекмин. Ага чейин Айзирек деген кыз менен бир жарым жылдай сүйлөшкөнмүн. Балким, аны алып качып кетишпесе, баш кошмок белек. Ошондон бери сүйүүнү тыныгууга чыгарып койгом. Кээде социалдык тармактардан кыздар менен таанышып, жолугушуп калам. Жакында эле бир кыз менен таанышкан элем. Аны панорамага алып чыгып эс алдырып, жакшынакай кылып үйүнө жеткизип койдум. Кыскасы, чектен чыкпайм. Анткени продюсер экөөбүздүн ортобузда түзүлгөн келишимде мага бейчеки басууга тыюу салынган.
– Болочок жубайыңды кандай элестетесиң?
– Албетте, адамдын негизги сулуулугу акыл-эси эмеспи. Анын сыңарындай, ыймандуу, жылдыздуу, сүйлөгөн сөзү ордунда, назик кыздар жагат. Ак жуумал, эриндери жука, көздөрү жанып, каштары чийилип, чачтары жалтырап турса... Сүйгөнүм Айзирек корей кыздарына окшош эле, ошондон уламбы, азыр да ага окшош кыздарды издей берем. Анан да өзүм спорт залга барып такай машыгып жүргөнгөбү, кыздардын фигурасына карайм. Кыздардагы ашыкча килограммдар дароо көзүмө өөн учурайт (күлүп). Кыскасы, толук кыздарды жактырбайм.
– Кыздардын жамбаштуусу жагабы же төштүүсүбү?
– Төшү чоң кыздар бир аз ыңгайсыздык жаратып койбойбу (күлүп)? Негизи, биз кыздардын фигурасын гитарага салыштырат эмеспизби. Андыктан жамбашы чоңураак болсо жакшы го дейм.
– Узун бойлуу кыздарбы же...
– Кыздын бою меникинен бир аз узун болсо жакшы болмок. Анткени мен алп эмесмин да. Бала-чака дагы бойлуу болот беле?..
– Бир караган адамга жиниң чукул жигит көрүнөт экенсиң...
– Туура баамдапсың. Эркек менен урушсам дароо муштумум түйүлөт. Алым жетпей баратса, колго тийген нерсе менен чаап жиберем. Кыз киши менен анчалыкка барбайм, өзүмдү-өзүм токтотконго аракеттенем.
– Маегиңе рахмат.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg