ДАСТОРКОН ЧЕТИНДЕГИ АДЕП

  • Тамактанарда колуңду жууганды унутпа.
  • Дасторкон четине улуу кишилер жайланышкандан кийин гана орун ал. Отурганда ар жакты кылчактап карай бербе.
  • Таянып отурба.
  • Жей турган тамагыңды тарелкага чактап салып ал. Баарын салып алба, анткени сенден башкалар да андан ооз тийиши керек.
  • «Мага бул бөлүгү жакты, чоң экен, ошону алам» деп тандаба. Кайсы бөлүк сага жакын болсо, ошонусун ал.
  • Тамакты шашылбай же.
  • Чайнап жатканда сүйлөбө.
  • Оозуңдагыны жутуп, анан сүйлө.
  • Чайды, суусундуктарды шорулдатып ичпе.
  • Эгер колуңдагы кашык, айрыны жерге түшүрүп алсаң кечирим сурап, тазасын сура. Анан да эмнеге түшүрүп алганыңды айтып актанба.
  • Тамакты жеп болгон соң оозуңду колуң же жеңиңдин учу менен аарчыбай, кол аарчыны пайдалан.
  • Дасторкондон турарда бата кылып, үй ээсине рахмат айтууну унутпа.

Дамира Арстанова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
simpotichnaya-tina
2013-09-02 12:38:55
Сонун кенеш!
0
nurik9090
2013-09-05 09:36:24
хехехе соргоко бере турган кенеш екен,
коноко барганында койдон жоош боло калат го баары.
0
Asus84
2013-09-05 11:04:46
хаа жакшы экен
0
Nursultan.m.n
2013-09-07 16:06:25
хаха рахмат туура айтасынар
0
Kara_kyrgyz
2014-03-17 15:27:14
Бисмиллах менен башташ керек анан, эгер Бисмиллахты унутуп калган болсо "Бисмиллаахи аваалихи ва аахир" деш керек
+1
№ 565, 30-август-5-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан