Кыргызстан кайрадан дүйнөлүк коомчулуктун көңүл чордонунда. Ысык-Көл облусунда өспүрүм баланын кара тумоодон (чума) каза болгондугу тууралуу биздин бийлик төрт күндөн кийин гана билдирүү тараткандыгы өрттү түштөн кийин өчүрүү далалаты эле болуп калды. Дубан элинин, жалпы эле кыргыз калкынын, коңшу жайгашкан өлкөлөрдүн тургундарынын жүрөгүнүн үшүн алган, атүгүл Орусиядан бери чочулап баштаган кара тумоо окуясы катталган жайынан баяндайбыз.
1923-жылы Нарын облусунун Баш-Кайыңды айылында кара тумоо катталып, 30дай адам ооруга чалдыккан. Акыркы ирет кара тумоо 1981-жылы Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда катталган. Анда бир чабан ооруга чалдыгып, дарыгерлердин көзөмөлүндө сакайып кеткен.
КАРА ТУМООНУН ХРОНОЛОГИЯСЫ
17-августта Ысык-Көл облусуна караштуу Эңилчек айылдык округунун тургуну 15 жашар Темирбек Исакуновдун тамагы кырылдап, мурду бүтүп, башы ооруп калат. Сасык тумоонун белгилерине окшош болгондуктан, ал башында антигриппин дарысын кабыл алган. Эртеси ооруп жаткан баланы туугандары Ичке-Жергез айылындагы үйүнө жөнөтүшөт. 21-августка чейин үйдө жатып, врачтарга кайрылбай, өз алдынча дарылануусун улантат. Жакындарынын айтымында, бул күндөр аралыгында Темирбектин дене табы ысып турган.
22-август күнү бейтап ооруканага жеткирилип, андагы врачтар тарабынан «сол колтук астындагы гидраденит» (апокриндик тер бездеринин сезгенип, ириңдөөсү) деген диагноз коюлган. Хирургиялык бөлүмгө жаткырылып, бирок бейтаптын абалы начарлай берген. Буга байланыштуу башкы врачтардан турган консилиум түзүлүп, консультациядан кийин «сепсис, септикопиемия» (ириңдөө) деген диагноз коюлган. Бирок кечке жуук оорулуунун абалы кескин начарлай баштайт. Оорукананын директору кошулган дагы бир ирет консилиум өткөрүлүп, кылдат текшерүүдөн кийин гана «кара тумоо» деген күмөндүү диагноз коюлат. Врачтар белгилеген дарылоого карабастан, Темирбек Исакунов 22-август күнү саат 20:15те көз жумган.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги 26-августта гана расмий түрдө каза болгон өспүрүмдүн кара тумоонун чаттагы бездин шишиген (бубон) түрүнө чалдыкканын тастыктады. Аталган министрликтин башчысы Динара Сагынбаева «Темирбек Исакунов тиешелүү инструкциялар менен жерге берилди» деди.
«БЕЙТАПТЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮ ЭМДӨӨДӨН ӨТКӨН ЭМЕС»
Каракол шаардык бейтапкананын кооптуу ооруларга каршы бөлүмүнүн башкы дарыгери РАВШАН МАЙМУЛОВ:
– Ысык-Көл облусунда кара тумоонун жаратылыш очоктору бар, анда жыл сайын жапайы жаныбарлар атайын текшерүүдөн өткөрүлүп турат. Былтыркы жылы жапайы жаныбарларды текшерүү учурунда алты суур аталган ооруга шектүү болуп чыккан. Биз дароо ооруга шектүү деп табылган жерлерде тазалоо иштерин жүргүзүп, бүргө, суур, чычкандарды өлтүргөнбүз.
Негизи, жыл сайын апрель-май айларында жайлоо, капчыгайларга чыгууну көздөгөн ар бир малчы, туристтерге эмдөө жүргүзүлүшү керек. Убагында жүргүзүлгөн эмдөө бир жылга чейин таасир этет. Оору чыккан очок Кашка-Суу өрөөнүнүн Оттук жайлоосу. Каза болгон Темирбек Исакуновдун ата-энеси Ак-Суу районунан 120 чакырым алыстыкта жайгашкан Оттук жайлоосуна эч кандай эмдөө албай чыгып кетишкен экен.
«ТИЕШЕЛҮҮ ИШ-ЧАРАЛАР ТЫКЫР ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ»
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ак-Суу районундагы координатору ЭРКИН УРМАНАЕВ окуя тууралуу буларды белгиледи:
– Ооруканада 1989-жылдан бери иштейм. Ошол убакыттан бери мындай илдет биринчи жолу катталды. 22-август күнү кечки саат 21:00 чамасында «Кара тумоого шектүү адам ооруканага жеткирилди» деген маалымат түштү. Түнү менен тийиштүү кызматкерлерди чогултуп, ар бир структураларга керектүү тапшырмаларды бергенбиз.
Аталган оору тууралуу учурда ар кандай маалыматтар айтылууда. «Суурдун этинен шишкебек жасап жептир, суурдун терисин сыйрыптыр» деген өңдүү. Бирок ал кептердин канчасы чындык да, канчасы жалган экендиги азырынча ырастала элек. Ага байланыштуу атайын түзүлгөн топ иштеп жатат. Учурда райондо бейтап менен байланышы болгон адамдар каттоого алынууда. Аларды эмдөө жана дарылоолор жүргүзүлүүдө.
«ЭЛДИ ДҮРБӨТҮП ЖАТЫШАТ»
«Кара тумоо катталды» деген сөз жергиликтүү элдин тынчын алып, «Оору чыккан аймакты бүтүндөй өрттөө керек экен» деген кептер жаш-карынын арасында күч. Ак-Суу районунун Курбу айылынын тургуну АЗАМАТ МИҢБАЕВ буга карата өз оюн айтты:
– Экологдор жыл сайын айылдарга жакын жайгашкан кокту-колотторду кыдырып, жан-жаныбарлардын бирөөсүн эле кармап, аларга текшерүү иштерин жүргүзсө, мындай көйгөй жаралбайт болчу. Угушума караганда, былтыркы жылы аймактарды тазалоо иштери жүргүзүлүптүр. Бирок каражаттын тартыштыгынан аймактар толук текшерүүдөн өтпөй калган экен. Бул жакта мамлекеттин дагы күнөөсү бар. Себеби экологдорго жетиштүү акча бөлүшпөйт. Жакында эле «Ынтымак» форуму дешип, ага канчалаган каражат кетти? Ушул сыяктуу пайдасыз мааракелерди азайтып, элге зыян алып келүү коркунучу бар нерселердин алдын алса жакшы болмок.
Учурда Ак-Сууда ызы-чуу болуп жатат. «Оорулуу чыккан үйдү дезинфекция кылып туруп, үйдү түп орду менен өрттөп жиберет экен» деген кептер айтылууда. Менин оюмча, карантинди белгилүү аймактарга гана эмес, бүт район боюнча жарыялаш керек болчу. Ким билет, балким, маркум менен бирге жүргөн адам башка айылда жүрөт?! Кара тумоо боюнча учурда толук маалымат берилбей жатат. Элге болгонун болгондой айтса, эл түшүнсө керек. Тескерисинче, элди ызы-чуудан сактайбыз дешип, кенен маалымат бербей, паниканы күчөтүп жатышат.
КАРАНТИН ЖАРЫЯЛАНДЫ
Кара тумоо оорусуна кабылып, каза тапкан Темирбек Исакуновдун ата-энеси менен байланыша албадык. Ал айылда учурда карантин режими жарыяланып, кирүүгө уруксат жок.
Сары-Жаз аймагында, Кашка-Суу капчыгайында, Оттук айылында, Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында, Ак-Суу райондук аймактык ооруканасында, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында 25-августтан 30-августка чейин карантин жарыяланып, аталган аймактарга кирип-чыгууга тыюу салынды. Каза болгон бала менен байланышта болгон 162 адам ооруканага жаткырылды. Учурда карантин режими жарыяланган аймактардын жашоочуларын текшерүү жүрүп жатат. Ал эми райондун башка айылдарында кадимкидей тиричилик өтүп жатат.
КАРА ТУМООДОН САКТАНУУНУН ЭРЕЖЕСИ
Кара тумоо илдети, анын адамга жуккандан кийинки алгачкы белгилери кандай болорун жана андан сактануу жолдору тууралуу дарыгерлерге кайрылып жооп издедик. Кызыктырган суроолорубузга Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын 9-бөлүмүнүн башчысы Бурул Жаркынбаева жооп берип, кеп-кеңеши менен бөлүштү:
КАРА ТУМОО
– Кара тумоо оорусу өтө коркунучтуу карантиндик жугуштуу оорулардын катарына кирет жана анын бир нече түрү бар. Ысык-Көлдөгү көзү өтүп кеткен балага кара тумоонун чаттагы бездин шишиген түрү жуккан. Ал айлана-чөйрөгө көп коркунуч жаратпайт. Анткени жабык түрү болуп саналат. Болгону, өз убагында дарыгерге кайрылып, дарыланса, өмүрдү сактап калууга мүмкүн. Тилекке каршы, ал бала дарыгерге алтынчы күн дегенде кайрылган.
ИЛДЕТТИН АЛГАЧКЫ БЕЛГИЛЕРИ
– Кара тумоону жуктуруп алган адамдын организминде бардык оору бир учурда козголот. Дене тап 38-40 градуска чейин көтөрүлүп, жүүндөр бошойт, баш ооруйт, кара тумоонун таякчалары орун алган булчуңдар шишип, кыймыл-аракет жай болуп калат. Шишик пайда болгон жер абдан оорутат. Бир нерседен коркконсуп көздөрү алаңдап, тили ак түскө өзгөрүп, шишип, сүйлөгөнгө алы келбей булдуруктап калат. Мындай көрүнүш оору жуккандан тартып, бир нече сааттан 6-7 күнгө чейин созулат.
КАРА ТУМООНУН АЛДЫН АЛУУ
– Кара тумоо оорусунун алдын алуу үчүн ага каршы лаборатория иштеш керек жана аңчылык чарбасы жапайы жандыктарга болгон аңчылыкты көзөмөлгө алуусу зарыл. Кыргызстанда кара тумоонун табигый очогу Талас, Ысык-Көл жана Алай өрөөндөрү болсо, андагы суурлар кара тумоону жайылтуучу болуп саналат. Мына ушул үч аймактагы жайлоолорду абдан тыкыр көзөмөлгө алып, текшерип туруу керек. Мындай кооптуу очокторго барам деген туристтер атайын эмдөөдөн өтүшөт. Ошол сыяктуу эле жогорудагы аймактын чабандары вакцинациядан өтүп, анан ал жерлерге барса жакшы болор эле. Суурдан сырткары жапайы коён, төө, чычкан жана бүргө аталган илдетти алып жүрүшөт. Булардын ичинен бүргө ооруган суурдун каны менен азыктанып, кан аркылуу адамга жугузат.
АДИСТЕН КЕҢЕШ
«Сактансаң Кудай сактайт» дегендей, оорунун алдын алуу менен өмүрдү сактап калууга мүмкүн. Андыктан төмөнкү кеңештерди эсиңизге ала жүрүңүз:
Айзат Анарбекова,
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg