Кумарлуу көздөрү менен кыргыз эле эмес, башка улуттагы бийкечтерди да тынч уктатпаган Гүлжигит Калыков продюсеринен кетип, өз алдынча чыгармачылык жолун улантууда. Евразиянын жылдызы бүгүнкү күндө эмне иш менен алек, эмне үчүн продюсеринен кетүүнү чечти? Жоопту төмөндөгү маектен алыңыз.
– Гүлжигит, куш келипсиң! Эмне жаңылыктар?
– Рахмат! Жаңылыктарым аябай көп, баягы эле чыгармачылыктын казанында кайнап жүрөм. Жеке концертимдин алдында бир топ жаңы ырларды жаздырган элек. Анда шашылыш жаздырып калып, азыр ал ырлардын үстүнөн кайра иштеп жатам. Экинчиси, көпчүлүк мага «Сен лирикалык ырларга басым жасап кеттиң, бир аз шаңдуураак ырдачы» дегенинен бир-эки динамикалуу чыгармаларды жаздырдым. Мындан тышкары Рамазан айында орозо кармап, түнү иштеп, күндүзү кечке уктап жаттым.
– Сөзүңө аралжы, сен бизге биринчи жолу продюсериңдин катышуусуз жалгыз маек берип жатасың, өзүңө сезилип жатабы кандайдыр бир боштук?
– Ооба, жаңы эле кеңсеңерге келе жатып «Ушул жерге машинабызды койгон элек» деп эстеп, жаман болдум. Басылмалар маекке чакырса жалгызсырап, айтор, Канат байкенин орду билинип жатат.
– Култаевден оңой менен тарбиялануучулары кетишчү эмес эле. Сенин кетүүңө эмне себеп болду?
– Биринчиден, келишимибиздин мөөнөтү бүттү. Үч жыл көп убакыт, бирок кээде бул жылдар бат эле өтүп кеткендей туюлат. Продюсерим менен биргеликте ийгиликтерди багындырдык. Өзүңүздөр билгендей, Канат байкенин ырчы балдары көп, башка долбоорлору бар. Анан мен «Жалгыз иштеп көрөйүн, сиз жардам бербейсизби» деп сунуш киргиздим. Ойлонуп көрүп, макулдугун берип, бир топ кеңештерин айтып узатты. Иштеп көрөм, эгер такыр болбой баратса, «Канат байке, мен келдим, сизден башка кайда бармак элем?» дейм да.
– «Евразия жылдызы» сынагында өнөрүң гана эмес, дене түзүлүш менен да түрк айымдарын суктандырганга жетиштиң...
– Ооба, сынак учурунда күтүүсүз окуялар көп эле болду. Бир окуя өзгөчө болду окшойт. Мен ырдап бүткөндөн кийин калыстар тобунда отургандар ар бири пикирлерин айтышмак. Алардын катарындагы түрк айым «Ырчы бүт жагынан төп келиши керек. Мен сиздин келбетиңизди көрүшүм керек, үстүңүздөгү формаңызды чечиңизчи» деп суранганда чечкем. Кол чабууларды толкунданып жатып сезбей деле калыпмын.
– Түрк кыздары жактыбы?
– Жакты. Алар аябай тартынчаак, анан да коркок болушат экен. Колуна фотоаппарат кармаган кыздар жаныңа келип «Сүрөткө түшүп албайлыбы» деп айта алышпайт. Мен өзүм барып «Сүрөткө түшөсүзбү?» десем макул болуп жатышты. Жанымда кадимкидей калтырап-титиреп тургандарын байкадым. Ойлоп койдум, аларда фанатизм күчтүү окшойт деп. Бирок баары бир кыргыз кыздарына жетпейт.
– Социалдык тармактарда сенин атыңдан кирип маданиятсыз сөздөр менен жазылган билдирүүлөрдү калтырышат экен?
– Ал мен эмесмин. Мен бир да социалдык тармакта жокмун. Тескерисинче, өзүм ошондой «Гүлжигит Калыковдорго» досторумдун аты аркылуу кирип «Неге мындай кылып жатасыңар?» десем, досторумду кара тизмеге киргизип коюшуптур. Алардын жазасын берип, тапкым деле келбейт. Балким, кайсы бир мөөнөткө Гүлжигит Калыков болгусу келишеттир. Тажаганда башка ырчы болуп алышар.
– Айтып калышат, «ичи тардык, көрө албастык, бут тосуу шоу-бизнесте көп болот» деп. Сен мындай көрүнүштөргө туруштук бере алам деп ойлойсуңбу?
– Мен таш ыргытканга аш ыргыткан адаммын. Андайларга кол шилтеп коём. Жаман сөз айтып, анын көңүлүн калтырып жаман бала боло албайм. Мына ушунум жаман да.
– Кыздар темасына кайрылсак, сени коркуткан күйөрман кыздарың болгонбу?
– Чалса көңүлүн калтырбай сүйлөшүп коёсуң. Анан эле «Мен сизди сүйөм, өлөм, дары ичип алам» деп коркуткан кыздар бар. Башында абдан коркчумун, өзүм да ишенчээк бала эмесминби. Бир жолу бир кыздын айткан жерине жетип барсам, чындап эле дары ичип алыптыр. Оозунан көбүгү ага баштаптыр. Коркуп бейтапканага алып барсам, ашказанын тазалашты. «Неге мындай кылдың?» десем, «Сизди жакшы көрөм» дейт. «Жакшы көрсөң, жашабайсыңбы» дедим. Азыр да ал кыз менен жакшы мамиледемин. Эми «Ошондо жаш экенмин да. Көрсө, жашоо башкача турбайбы» деп айтып калат.
– Күйөрман кыздарыңды кызыктырчу суроо. Качан «бойдок» деген статусуңду жоёсуң?
– Байкем 24 жашында үйлөнгөн. Мен да 24кө чыктым. Бирок ата болуп, үй-бүлө багууга өзүмдү даяр эмесмин деп эсептейм. 30 жашка чейин сөзсүз үйлөнөм. Бул деле тагдырдын буйругу да.
– Көңүлүңө кандай кыздар жакын, назик, жумшакпы же тарс-турс жүргөн кыздарбы?
– Тарсылдаган кыздар айтканын айткандай кылып, жумушун өз убактысында бүтүрүшөт, эгер ашыкча эле кыйын болуп кетишпесе. Назик, жумшак кыздар деле акырын жүрүп алып сен күтпөгөн нерсени жасап салышы мүмкүн. Мага кыздардын баары эле жагат. Бирок өзүм назик, уяң, жумшак кыздарга көп тартылам.
Лунара Бекиева
star@super.kg