3 МИЛЛИОН ДОЛЛАР.ЭЛДИН ЖОГОТКОН ИШЕНИМИ

28-август күнү кечинде жергиликтүү телеканалдардан «Кумтөр» кенине байланыштуу жашыруун тартылып алынган видео көрсөтүлдү. Анда ушул жылдын май айында Жети-Өгүз районундагы «Кумтөр» кенин иштетүүчүлөргө бир катар талаптарды коюп, кенге барчу жолду тоскон митингдин активисттери Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курманов деп шектелип жаткан адамдар аталган ишкананын топ-менеджери Гриер Дугластан
3 миллион доллар акча сураганы түшүрүлгөн. Мындан сырткары бул жигиттер Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев да алар менен кызматташууга кызыкдар экенин, «Кумтөргө» чогуу «атака» жасоону сунуштаганын кошумчалашкан. Активисттер эгер «Центерра» айтылган сумманы бербесе же өкмөт митингчилерге басым кылса, өлкөдө жарандык согуш, революция да уюштуруп жиберерин айтышкан.
УКМК бул тасмага байланыштуу «опузалап акча өндүрүү» деген айып менен эки активистке кылмыш ишин козгоп, экс-депутаттар С.Жапаров менен К.Ташиев да суракка алынарын маалымдады. Бирок укук коргоо органдары тарабынан митинг активисттери камакка алына элек. Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаев бул кинени моюндашпай жатышат. Алардын бири Эрмек Жунушбаев «видео монтаждалган» деп айтты. «Бактияр Курманов экөөбүз «Кумтөрдүн» өкүлдөрү менен жолукканыбыз чындык. Бирок анда такыр башка темада сүйлөшүп, башка маселелерди талкуулаганбыз»,- деди ал.
Видеону жакшы байкаган кишиге тасмадан айрым учурлар кыскартылганы, ал эми жолугушуунун каармандарынын колдорунун шилтегени менен сөздөрдүн мааниси, ооздорунун кыймылы титрде жазылып жаткан текстке туура келери дароо байкалат.
Бул чуулгандуу окуя боюнча жаш саясатчы Мирсулжан Намазалиев: «Кайсы бир саясатчылар менен тил бириктирип, өкмөттү шантаж кылган мындай криминалдашкан кадамдарга өкмөт менен парламент катуу чара көрүшү керек. Ушундай жашыруун тартууларды коомчулукка ачык көргөзүп, аларды жоопко тартуу менен өлкөдөгү инвестициялык абалды жөнгө сала алабыз»,- дейт. Мындан сырткары Намазалиев «Кумтөрдөн» акча өндүрүүнү каалагандардын бул кадамы, албетте, чет элдик инвесторлорду коркутарын кошумчалады.
Кыргызстанда мыйзамдуулукту орнотууну кечиктирбөө керектигин айткан эл өкүлү Өмүрбек Текебаев: «Эгер бийлик «Кумтөрдөн»
3 миллион доллар талап кылуу фактысына чара көрбөсө, мамлекеттик талкалануу башталат»,-
деди.
Эл ишенип, өкүл катары жиберген бул азаматтар жең ичинен өз кызыкчылыгы үчүн соодалашып жаткандарын тасмадан көргөн жети-өгүздүктөр нааразычылыгын вице-премьер Токон Мамытовго билдиришиптир. «Жергиликтүү эл аларды кой терисин жамынган карышкырлар, кылмышкерлер жана уурулар деп жатышат. А жеке өзүм мамлекеттик кызматкер катары ууру түрмөдө отуруш керек деп айтар элем»,- дейт ал.
Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасындагы чатактар, эки тараптын дипломаттарына байланыштуу чуулгандуу окуялар өлкөлөр ортосундагы мамилени суутту. Андан кийин эле Ысык-Көлдө кара тумоонун чыгышы жана «Кумтөрдөн»
3 миллион доллар сурагандардын видеосу өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруктуу деп атоого мүмкүнчүлүк бербейт. Кыскасын айтканда, Кыргызстанда кайрадан күз күрөш башталды.

Гүлмайрам Сабырбекова,
Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
beko-
2013-09-02 23:57:25
бул бийлик ойлоп тапкан кара пияр буларга кошуп ташиевдерди да айыптап эптеп кутулгусу келип журот
-5
ayaza
2013-09-03 00:01:58
Жазаларын алышса экен,оз чонтокторун ойлоп карапайым элди алдап,чогултуптур.
+1
zamirbeka
2013-09-05 17:13:28
Эгерде ушул жоругунар аныкталса,силердей немелерди айылдаштарынар кечирбестир.Элдин бетин карай албай журуп омурунор отор,акчага ыйманынарды сатып ала албайсынар!
+1
mi-li-na
2013-09-06 10:39:51
ошого ишенип калдынарбы хи-хи, бул жон гана бийликтин кезектеги эле интригасы. Буга азыр кайсы бир кемпай эле ишенбесе эч ким ишенбейт))))))))))))))))
-2
№ 565, 30-август-5-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан