Өткөн аптада ушак жазып көнгөн гезиттерде Бишкекте жашыруун иштеген казино табылганы, андагы оюнчулардын арасында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиевдин да колго түшкөнү жарыяланган эле. Маалымат айдыңында бул кабар дуу тарагандан кийин Масалиев «мен ал жерде болгон эмесмин» деп билдирүү жасап, маалыматты тараткан басылманы сотко бербей турганын, бирок жарыяланган маалыматка тактоо киргизүү талабын коё турганын айтты. Коомчулукта «Эл көзүндөгү адам кантип эле жер төлөдө бирөөлөр менен жашырынып кумар ойносун, мамлекеттик кызматта турган аткаминер ошончолук эле казинодо ойногусу келсе, чет өлкөгө деле чыгып келмек. Ишенүү кыйын. Катардагы калптын бири го» деген күдүктөнүү турган. Маалымат жалган экенин ИИМ да билдирди.
Гүлмайрам Сабырбекова,
Эльвира Караева
politika@super.kg