«Балалык», «Бейтааныш кыз», «Кетпечи» аттуу ырлары менен жаңы гана эл алдына чыга баштаганына карабастан элдин кызыгуусун жараткан Бакиров Бектур менен тааныштырабыз.
Бектур 1984-жылы 7-апрелде Өзгөн районунун Мырзаке айылында төрөлүп-өскөн. Музыкадан тышкары гитарада ойноону, апасы менен сырдашууну жактырат. Билим берүү технологиялык институтун аяктаган.
– Бектур, ыр дүйнөсүнө кандайча аралашып калгансың?
– Негизи, мен бала кезимде чоң жеке ишкер болсом деп тилек кылчумун. Ал эми ырчылык жолго түшкөнүмө бактылуу кокустук себепкер десем болот. Анда мектепти бүткөн кезим болчу. Айылыбызда Эмилбек деген байке бар эле. Жолдо отуруп алып гитаранын коштоосунда ырларды ырдачу. Ага кошуна болуп жашаган жаштардын баары Эмилбек байкенин ырларын укканды жакшы көрчүбүз. Ошол байкенин гитарада ойногонун көрүп жүрүп менде чоң кызыгуу пайда болду. Андан гитара ойногонду үйрөнүп Таалай Бектургановдун ырларын кызыгуу менен аткара баштадым. Ошондон чыгармачылыкка болгон ынтызарым күч алып отуруп, акыры ыр да, обон да жаратууга өттүм. Андан кийин Ош жергесинен өзүмдүн устатым Мирбек Келдибаев аттуу жигит экөөбүз «Байэл» деген топ түздүк. Топ менен бир жылдай чогуу иштешкен соң, жеке чыгууну туура көрдүм. Учурда жеке чыгып жүргөн учурум.
– Демек, чыгармачылык шыгыңды кошуна байкең ойготкон тура?
– Ооба. Мендеги ырчылык талант, шык анын аткаруучулук чеберчилигинен улам ойгонгон десем болот. Кийинчерээк ыр жаза баштаганымдан тартып өзүмдүн талантыма ишенип, баш-отум менен чыгармачылыкка киришүүнү чечкем. Алгач Оштон ырларымды жаздырып, аранжировкасын жасатып, андан кийин борборго алып келип радиого бердим. Буюрса, жакшы кетип жатат.
– Ырларыңды кандай учурда жаратасың?
– Көбүнчө капаланганда же сүйүнгөндө. Ал учурда сөздөр өздөрү келет. Ал эми обондун кайрыктары бир аздан жаралып отуруп, бир толук обон жаралып калат.
– Бишкектин сахнасына чыккансыңбы?
– Мен чыгармачылыгымды Оштон баштагам. Ал эми улантканы Бишкекке келгениме аз убакыт болду. Ошого байланыштуу Бишкекте чоң сахнага чыга элекмин. Буюрса, ал күнгө да жетебиз.
– Азыркы жаш ырчылардын чаңында калып калам деп коркпойсуңбу?
– Жок. Анткени, баары алдыда. Анан дагы ар бир ырчынын өзүнүн угармандары болот эмеспи. Келечекте мен дагы өз күйөрмандарымды чогултканга бардык күчүмдү жумшайм.
– Демөөрчүң барбы?
– Менин демөөрчүм – ата-энем. Атам учурда Россияда эмгектенет. Чыгармачылыгыма жардам берип акча жагынан атам каржылайт. Апам дайыма кеңешин айтып моралдык жактан жардам көрсөтөт. Кыскасы, ата-энем чыгармачылыгымды колдошот.
– Чыгармачылыктан тышкары эмне менен алектенесиң?
– Бир жылга чукул Оштун Элдик телерадиокомпаниясында үн режиссёру болуп иштедим. Учурда болсо чыгармачылык менен гана алектенип жүрөм.
– Жүрөгүң жактырган кызың барбы?
– Бар. Сүйлөшүп жүргөнүбүзгө бир жылдын жүзү болот.
– Эгерде таластык же көлдүк кызды сүйүп калсаң, үйлөнөт белең?
– Негизи, мага Оштун эле кыздары жагат. Ошондуктан, таластык же көлдүк кыздарды сүйүп калуум мүмкүн эмес.
Маектешкен Жаркынай Нусубалиева