БҮГҮН КАРА ТУМОО. ЭРТЕҢ ДАГЫ КАНДАЙ МАСЕЛЕ КҮТҮП ТУРАТ?

Кара тумоо илдетинен өспүрүмдүн каза болуусун дүйнөлүк ЖМКлар Кыргызстанга каршы ачылган маалымат согуштун куралына айлантып, өлкөнүн кадыр-баркын каалаганча төгүшүүдө. КМШнын алкагындагы мамлекеттердин ЖМКлары, өзгөчө орусиялык басылмалар көбүртүп-жабыртуу менен алек. Анын бири «Russia Today» Орусияда Кыргызстандан келген эмгек мигранттарынын көптүгүн жана алардын эсебинен кара тумоо илдети келиши мүмкүн экендигин жазып чыкты.
Ушундай эле өңүттө «Известия» гезити менен «BBC» корпорациясы да бул окуяны чагылдырды. Атүгүл аты жаман оорунун кабары Түштүк Кореяга чейин жетип, ЖМКлар корей туристтерин Ысык-Көлгө баруудан баш тартууга чакырып жатышканын учурда Бишкекте жашап-иштеп жаткан түштүк кореялык ишкер айым бизге билдирди. 
Чымын кантип пилге айланды? Буга көбүнчөсү социалдык сектордогу жайбаракаттык, иштин көзүн билбестик себеп болду көрүнөт. Бейтап ооруканага кайрылгандан кийин врачтар, бир канча дарыгерлердин консилиуму да дароо туура диагноз коё алышкан эмес. Экинчиден, бейтап 22-август күнү каза болуп жатса, анын кара тумоодон каза болгондугу 25-август күнү араң такталып, 26-август күнү гана саламаттыкты сактоо министри Д.Сагынбаева баштаган медиктер окуя тууралуу расмий түрдө билдиришти. Бул күндөрдө маалымат айдыңы менен эл ичи түрдүү ушак кептерге жык толду.
Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт, социалдык блок үчүн жооптуу вице-премьер Камила Талиева менен саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева «кырдаал көзөмөлдө» деп жүз жолу кайталаса да, эң жаманы болду, өспүрүм кара тумоодон көз жумду. Бул окуя, жазында Сузактагы малдын массалык кырылуусу өңдүү көрүнүштөр аталган секторго мыкты менеджер керектигин эскертип отурат.

Гүлмайрам Сабырбекова,
Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
N.Bakazova
2013-09-02 12:34:12
Чындыгында чымын пилге айланып кетиптир.
0
Wave.
2013-09-02 14:04:34
Биздин жемкорлор чонтогун даярдаганча акча качып кетти. Байкуш балага жаман болуптур биздин шалаакы дарыгерлердин айынан. Билим денгээлибиз кундон-кунго тушуп, сабатсыздык кучоп баратат.
Ойлон кыргыз, ойгон !!!
0
№ 565, 30-август-5-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан