Арстанбек Абдылдаев акыркы күндөрү кыргыз коомчулугунда көп талкууга алынган адамдардын бири. Анын «кыш болбойт» деген жоромолу ар тараптуу пикирлерди жараткан. Арстанбек Абдылдаевдин айтымында, журналисттер анын айтмакчы болгон оюн жакшы түшүнбөй, пикирлери көпчүлүк учурда бурмаланып кетүүдө. «Мисалы, өткөн аптада Бишкекте берген маалымат жыйынында «Алайда Адам менен Ева пайда болду» деп айткан эмесмин. 1998-жылы Алай тоосунда Зульфия деген айымга Адам ата көрүнгөн. Ал үч күндөн кийин саат 11де келерин эскертип көздөн кайым болгон. Үч күн өтүп, эртең менен 11ден 20 мүнөт өткөндө кайрадан Зульфия эненин көзүнө көрүнүп, үч периште келип, Кудайдан адамзат үчүн илим түшөрүн эскертип шарт окуп, тартип киргизген. Ошол күндөн ушул күнгө чейин периштелер илимдерди жазып жатышат деп айткан элем»,- деди Арстанбек Абдылдаев.
Гүлмайрам Сабырбекова,
Эльвира Караева
politika@super.kg