29-августтан тартып Бишкек ШИИБинин кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштей баштайт жана Эгемендүүлүк майрамында коомдук тартипти 3000ДЕЙ МИЛИЦИЯ кызматкери көзөмөлдөйт.
Бишкек мэриясынан билдиргендей, шаарда 1139 таштанды салуучу челектер орнотулду.
Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын кезектеги сессиясы 3-СЕНТЯБРДА ишин баштайт.
Быйыл ажылык сапарга 3600 КИШИ барат. Бул тууралуу муфтияттын ажылык бөлүмүнүн башчысы Марат ажы Усупов билдирди.
Вице-премьер Токон Мамытовдун айтымында, Кыргызстандын атайын кызматы өлкөнүн мурдагы президенти Аскар Акаевдин кызы БЕРМЕТ АКАЕВАНЫ Кыргызстандан издөөдө.
ИИМдин берген маалыматына ылайык, өлкөдө жыл башынан бери жол кырсыгында 61 БАЛА көз жумган.
Быйылкы 2013-2014-жылкы окуу жылына өлкө боюнча 1 МИЛЛИОНДОН АШУУН окуучу мектепке бара турганын Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Орусиялык мунай иштетүүчү заводдор күйүүчү-майлоочу майдын баасын 25 пайызга көтөргөндүгүнө байланыштуу Кыргызстанда бензин кайрадан 50-60 ТЫЙЫНГА кымбаттады.
Бишкекте турак жай үчүн жер алууга 15 МИҢДЕЙ киши кезекте турат.
Акыркы үч жылда 3243 баланы кыргызстандыктар багып алышканын социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев маалымдады.
Баткен облусунун Самаркандек айылында көмүр шахтасы басып калган жарандарды ИЗДӨӨ ИШИ токтотулду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
31-август күнү Бишкектеги Тарых музейинде мурунку президент РОЗА ОТУНБАЕВА балдарга жомок окуп берет.
«Түндүк электр» ААКсынын башкы директору Кубанычбек Турдубаев ишкананын жоготуусу 16,4 ПАЙЫЗДЫ түзгөнүн билдирди.
16 килограмм героин менен кармалган ИИМдин мурдагы кызматкери УКМКнын СИЗОсунда АСЫНЫП ӨЛДҮ. Маркумду акыркы сапарга узатуу күнү анын жубайы жүрөк оорусунан көз жумду.
Бишкекте Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери катышкан жол кырсыгына жана элчиликтин кызматкери өздөрү сүзүп кеткен унаанын айдоочусун сабагандыгына карата кылмыш иши козголду.
Исфана шаардык кеңешинин КСДП фракциясынан депутаты УЧКУНБЕК КУНДУЗОВГО жергиликтүү тургун Закир Камиловду сабагандыгына байланыштуу кылмыш иши козголду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.