Экономика министри Темир Сариев:«БАЖЫ СОЮЗУНА КИРСЕК,СООДАГЕРЛЕР ЖАПА ЧЕГЕТ, МИГРАНТТАРДЫН ЖАШООСУ ЖАКШЫРАТ»

Өкмөттө жаш, реформаларды жүргүзүүгө ынтызар, жалпыдан өзгөчөлөнгөн көз карашка ээ министр бар. Ал – Темир Сариев. Универмагдын жумушчусу катары башталган резюмесинен эки чакырылыштын депутаттык мөөнөтүн, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү менен каржы министрлик кызматын аркалагандыгын көрүүгө болот. 2011-жылдан бери Экономика министрлигин жетектеп келген «Ак шумкар» партиясынын лидери жөжө саноочу маалда биздин гезитке кенен маек куруп берди.

– Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөттүн иштеп жатканына бир жыл болот. Сиз жетектеген министрликтин алкагында бир жыл мурун кандай тапшырмалар коюлду эле жана анын канчасы аткарылды, канчасы аткарылбады?
– Албетте, ар бир түзүлгөн коалициялык өкмөттүн астында конкреттүү максаттар коюлат. Бабанов баштаган өкмөттүн астында «Өнүгүү, реформа жүргүзүү, стабилдүүлүк жана бакубат турмуш үчүн» деген программа болгон. Ал убакта бир топ келечекте жыйынтыгын бере турган реформалык иш-аракеттер белгиленген.
Бүгүнкү иштеп жаткан өкмөттүн астында былтыркы жылы экономикалык өнүгүүдө бир топ мүчүлүштүктөр пайда болуп, айрыкча «Кумтөр» кенине байланыштуу маселелер жаралгандыктан, жылдын аягы менен 99,2 пайыздык гана өсүш болуп, 100 пайызга жетпей калдык. Быйылкы 7 айдын жыйынтыгы боюнча 7,9 пайыздык өсүш бар, инфляция 1,4 пайыз болуп жатат. Былтыркыга караганда жакшы көрүнүш. Корутундулап айтканда, өсүү темпибиз орто, бирок кескин секирик жасоого резерв бар.

– Реформалар жөнүндө кеп баштап калдыңыз, буга чейинки премьерлер Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабановдун демилгелери жемишин берип жатабы? 
– Жеке бизнестеги текшерүү иштерин эки эсеге азайттык, бул аябай жакшы түрткү берди, быйыл жыйынтыгын көрүп жатабыз. Бирок дагы да болсо маселелер бар. Бизнес чөйрөсүнөн даттануулар айтылууда. Экинчиден, лицензияларды да кыскарттык. Эң чоң көйгөйлөрдүн бири – кен иштетүү жана ага лицензия берүү. Бүгүнкүгө чейин чырлар бүтпөй жатат. Андыктан министрлик тарабынан иштелип чыккан казыналар жөнүндө жаңы мыйзамды киргиздик. Ошонун негизинде бардык кендер, өзгөчө мамлекеттик жана улуттук статусу бар жер байлыктарынын баары сынактын же тендердин негизинде гана иштетүүгө берилет. Мурун сол чөнтөккө түшкөн акча мамлекеттин казынасына түшсүн дедик.
Айыл жергесиндегилер айдаган эгин, жашылча-жемиштерин кийин сата албай калып жатышат. Анын 10 пайызын гана кайра иштетебиз, бул өтө аз. Кошумча нарк өстүрүүдөн түшпөйт, кайра иштеткенден гана түшөт. Кайра иштетүүнү жандандыралы деп насыялык ставкаларды ылдыйлатып, мамлекеттин атынан дотация кылып берип жатабыз.

– Бажы союзуна кирүүнү көпчүлүк саясий чечим деп кабыл алууда. Ага карабастан, бул процесстеги сүйлөшүүлөрдө Кыргызстан сураган жеңилдиктер кабыл алынбай жатыптыр дешүүдө, ошол эле импорттук бажы салыгынын көлөмү, Кытайдан товар ташуу боюнча... Биримдикке кошулуу карапайым калктын жашоосун жеңилдетеби же кыйындатабы?
– Орусия, Казакстан жана Беларустун ортосундагы келишимдин негизинде Бажы союзу түзүлгөн. Булар бир күндө эле келишимге кол койгон жок, абдан катуу талаш-тартыштын негизинде бир ымалага келишкен. Келишимге кол коюлгандан кийин алардын иштөө мөөнөттөрү да аныкталган болчу. Мисалы, Казакстан союз койгон шарттарга бир жылдан кийин гана толук кандуу өтө алды, ага чейин даяр эмес экенин айтып, улам убакытты создуруп турган.
Бажы союзуна кирүү процесси оңой эмес, өтө кыйын болот. Эшикти ачып кире калуудай элестетпеш керек. Ушул жылдын июнь айында бизге жардам берген өлкөлөр, финансылык жана эл аралык институттар менен донордук форум өткөрдүк. Ошондо мамлекет башчысынын кайрылуусу болду: «Биз Бажы союзуна кирүү боюнча чечим кабыл алдык жана ага киребиз. Бирок мөөнөтү эл тараптан, бизнес жактан коюлган бардык маселелерди чечкенден кийин гана белгилүү болот».
Азыр Бажы союзуна кирүү боюнча жол картасы иштелип чыгууда. Бүгүнкү Кыргызстандын позициясы – бардык талаш маселелер чечилмейин биз союзга кире албайбыз жана кирбейбиз. Мунун тегерегинде соода кылып, өзүнө саясий упай утам дегендерге айтат элем, эс ала беришсин. Эгерде сунуштары болсо, бизге келсин алар. 

– Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө эмеспизби, андан чыгып, Бажы союзуна кирүү өлкөгө канчалык зыян алып келет?
– Орусия да ДСУнун мүчөсү. Алар аталган уюмдун талаптарына өтүүдө бир канча эскертмелерди алышкан: айыл чарбасы, автомобилдерди куруу, ички тарифтер жана башкалар боюнча. Ошонун негизинде иштеп жатышат. Биз ДСУга 1998-жылы киргенбиз, тажрыйбабыз да мол. Бажы союзуна кирсек, биз ДСУга каршы келген маселелерди чечебиз. Дүйнөлүк соода уюмунан чыкпайбыз, союзга кирүүдө, албетте, ДСУдагы мүчөлүгүбүз эске алынат.

– Союзга кирсек, Казакстан жана Орусиядагы эмгек мигранттарынын абалы жакшырат деген аргумент эң көп айтылат. Бажы биримдигинин катарына кошулсак, мигранттар жыргап кетет деген сыяктуу үмүттөр акталарлыкпы?
– Союзга киргенде сөзсүз ута турган да жагыбыз бар. Бизге абдан чоң базар ачылат: товарлар бөгөтсүз жыла баштайт. Кескин зыян тийгизе турганы: либералдуу мыйзамдуу колдонуу менен өтө ылдыйкы ставкалар менен товарларды сырттан киргизебиз. Ушул тармакта алектенгендер эң көп жапа чегүүчүлөр болот. Азыр атайын изилдөө-иликтөө жүргүзүп, кайсы жагынан кандай зыян тартарыбызды жана пайда көрөрүбүздү карап жатабыз.
Суроого келсек, мигранттар эң чоң утушка ээ болчулардын катарында. Чек аралар алынгандан кийин алар эркин жүрүп, эркин ишкердик жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алышат. Бирок бул багытта дагы айрым жагдайлар боюнча сүйлөшүүлөр болот.

– Азыр «Кумтөр» боюнча өкмөт кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын ачык айтпай жатат деген нааразычылык күч. Акыркы маалыматтар боюнча, эки тараптын ортосунда ишкана түзүлөрү да айтылууда. Демек, сүйлөшүүлөрдүн нугу келишим денонсацияланбайт дегенге бара жатабы?
– Мен мамлекеттик комиссияны жетектеп, анын жыйынтыгын бергенбиз. Аны өкмөт да, парламент да карап жактырган. Ачык жана так позициям ошол комиссия төрагасы катары жазылган. 
Үйдү оңдойм, жакшыртам десең, аны бузуп, жаңысын тургузуу оңой. Бүтөп, жамай берсең, жакшы жыйынтыкка жетпейсиң. Бул жердеги кыйынчылык «Кумтөрдүн» тарыхы болуп жатат, келишимдерде мамлекет бир жактуу милдеттенмелерди көп алган мойнуна... Эгерде жаңы шарт же ишкана түзүлө турган болсо, анда соңку, 2009-жылдагы келишим жокко чыгышы зарыл.  «Кумтөр» боюнча сүйлөшүүлөрдү азыр өкмөт башчы өзү жетектеп жатат. Анын жыйынтыгы 10-сентябрда парламентке киргизилет.
Ачыктык боюнча айтсам, коомчулуктан жашыруу болбойт. «Кумтөр» бүгүн коомдун чоң көзөмөлүндө турат. Биз Кыргызстандын кызыкчылыгын толук сактап калышыбыз керек.

– Апрель окуясынын сап башында, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп тургансыз. Кезинде бир максатты көздөгөн революциялык топтун мүчөлөрүнүн айрымдары азыр оппозицияга ооп кетти. 2010-жылы коюлган талаптардын кайсы бирлери ынтымактуу чечилип, кайсы бирлери иш жүзүнө ашпаган бойдон калды. Дегеле учурда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, саясий санаалаштар жолугушуп, сүйлөшүп,
акылдашып турушабы?
– УӨнүн мүчөлөрү кез-кезде жолугушуп, сүйлөшүп турчу эле, бирок акыркы убактарда бул болбой калды, муну ачык эле айтуу керек. Анткени бийлик органдары шайлоонун негизинде түптөлдү. Жалпы жонунан алганда, биздин астыбызга коюлган кыска мөөнөттүк милдеттер аткарылды. Мамлекеттик түзүлүштү оңдоп, шайлоолорду өткөрүп коюудан тышкары да милдеттерибиз бар эле, ал – биздин моралдык милдеттенмелерибиз. Соңку үч жылдагы кыйынчылыктан пайдаланып, өзүнө саясий упай топтойм деп же кээ бир мурунку принциптеринен тайгандар бар. Кандайдыр бир маселелер боюнча биз толук чечиштик, айрымдарына жетишпесек, кээ бири унутулуп да калды. Люстрация боюнча бизди көп күнөөлөшөт, ошону негизги кемчиликтердин бири дешет. Анткени кечээки бийликтин коюн-колтугунда жүрүп, бир кездеги чогуу жүргөндөрүн сындап-жамандап отуруп бүгүнкү бийликке кирип алгандар бар. Ошолорго жол берилип кетти.
2005-жылдагы революциядан айырмаланып, 2010-жылкы революция шайлоолорду өткөрүү жолу менен баарына бирдей шарт берди. Анын ичинде «Ак шумкар» партиясынын да жаңы бийликке келүүгө моралдык укугу бар болчу. Бирок ар түрдүү жол менен шайлоодон өтпөй калдык. Мен деле ызаланып, аркы жээкке туруп алып кыйкыра берсем болмок. Мүмкүн, мага ошол көбүрөөк жарашмак. Себеби убагында мен принципиалдуулукту көргөзүп жүргөм. Бирок биз өзүбүз сунуштаган системди киргизип жатканда ага жетүүдө утулуп калганыбызга карабай шайлоо жыйынтыгын биринчилерден болуп тааныганбыз.
Ооба, биз адаштык, чалындык, мүдүрүлдүк, күйдүк, азыр бармагыбызды тиштеп жатабыз, бирок эртең шайлоо болгондо бүгүнкү катабызды кайталабоого даяр болушубуз керек. Учурда жаңы Шайлоо кодексинин үстүнөн иш жүрүп жатат. Аким же губернатор эмес, шайлоо жыйынтыгын добуш берген адамдар чечиши зарыл. Ошол көпчүлүктүн тандоосу жагабы-жакпайбы, биз аны кабыл алышыбыз шарт.

АТ ЖАЛЫНДА

  • Жайында 10 күндүк эмгек өргүүсүнө чыгып келдим. Эс алууну бийик тоолордо, кар баскан мөңгүлөргө чейин чыгып өткөрүүнү жактырам.
  • Жумушка көбүнесе жергиликтүү радиостанциялардын жаңылыктарын угуп келем.
  • Өзүмдү классикалык жана жеңил кийимдерде ыңгайлуу сезем.
  • Телефондон Самсунгду, унаадан Тойотаны тандайм.
  • Активдүү интернет колдонуучусумун.

Эльвира Караева
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Темир Сариев: "Бизге туруктуулук жетишпейт"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Wave.
2013-09-02 10:57:34
Бажы союзунун пайдасынан зыяны коп болчудай. Мигранттарга олкодон сыртка чыгып кетуусуно шарт тузбой, жумуш м-н камсыз кылып, олконун ичинде алып калуунун устундо иштебейсинерби? Гастербайтерлер жиберген убактылуу акчанын козун карап, бийлик паралич боло турган болду.
0
star_kg
2013-09-02 12:25:02
бажы союзуна кирбегени эле жакшы ,анткени пайдасынан зыяны коп экени корунуп турат . Муну билип туруп биздин атка минерлер бул келишимдин баш тартып , башка жумуш менен башын оорутса дейт элем . Эмсе эл дагы митинг, пикет дегенин баштайт.Анкени калкыбыздын 70% мына ушул соода иштери менен алектенет эмеспи
0
Adik94kg
2013-09-02 16:16:32
Бажы биримдигине гирсе 5 милон калкыбыз тентип кыргызтан урап калышы толук мүмкүн мигираца гүчөп кыргызтан жери бошоп орус елеп алат жерибиди ойлоп иш кылгыла не кылсаңарда
0
zamir_kgz
2013-09-02 23:52:18
Бармак тиштеп калбасак болгону эртенки куну, озуно сак бол коншунду ууру тутпа, алыскы туугандан жакынкы коншу. Элдин капчыгын да ойлогон азаматтар табылат бирок биримдик жокко эсе!
0
nurik9090
2013-09-05 08:48:26
кирбей еле койгону жакшы го,чынында пайдасынан зыяны коп.
0
Mir82
2013-09-05 17:44:52
Намысы жоктор
0
mi-li-na
2013-09-06 11:10:17
Биздин бийликтеги атка минерлер каалайбы каалабайбы Россия баары бир киргиздирет, себеби азыр биздин мамлекетти озубуз эмес эле Россия башкарып жатат.А карапайым эл эмне, тээ эзелки замандан бери эле бийликтегилерди багып келген дагы да ошолорду, алардын чалчактаган бала-чакасын, тууган уругун багып журо беребиз да...
+1
kuba0506
2013-09-07 12:22:48
Туура айтасын mi-li-na бизди Путин башкарат Кыргызстанды
0
allan
2013-09-07 12:46:37
Таможенный союзга кирбей калдык деп кыкемдер отказ кылып корсунчу.Окемдер бат эле отторун алып койушат!Башынан эле ойлонуш керек болчу.бир кирем,бир кирбейм деп жаш балача жалжандабай.Назад"Ход"жок!!!
0
asha302
2013-09-08 02:19:04
Биз онуккон олко болбогондон кийин бизди дракон олколор башкара берет Атамбаев келди Россия менен жакшы Путиндин созун угат Текебаев келсе Америка менен жакшы Обаманын созун угуп калат
0
№ 565, 30-август-5-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан