31-август – Кыргызстан үчүн чоң майрам. Көз карандысыздыктын урматына КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова Стамбул шаарында жандуу үн менен чоң программада концерт бергени жөнөп кетти. Концертти ТРТ Аваз телеканалы түз эфирде көрсөтөт. Гүлнур эжени коштоп өзүнүн окуучусу Роза Шакирова, таланттуу ырчы Замир Арыкбаев, улуттук аспаптарда ойногон Асылбек Насирдинов барышат. Жандуу ойногон музыканттардын тобун Денис Колючий жетектесе, концертти алып баруу боюнча эки тизгин бир чылбыры Эркин Рыскулбековго ыйгарылган.