Кыргыз-казак илгери кыз беришип-алышса, азыр ыр беришип-алышып калган. Нурлан Насиптин «Эркелетсемби?» деген ыры канчалык хит болгонун ыр ышкыбоздору билет. Аталган ырды казак ырчысы Акылбек Жеменей Нурландан сурабай эле ырдап жүргөн. Бирок ыр Акылбекке эмес, «Мейкин Азия» фестивалында баш байгени жеңип алган Димаш Кудайбергеновго мыйзамдуу түрдө ыйгарылды. Дегеним, Димаш Бишкектен Нурланга жолугуп, ырын сураган. Баш байге ээсин сыйлаган Нурлан ырды казак тууганына белек кылган. Аягында эки ырчы өз өлкөлөрүндө ырды патенттеп алмай болушту.