Ырчылар таланты менен гана мактанышса, Гүлнара Кахарова уккулуктуу үнүнөн башка жети баланын энеси экени менен да мактанса болот. Албетте, ар бир баланын өзүнчө түйшүгү бар. Чыгармачылыкты да жыйыштырбай, кыргыздын санын да көбөйтүп келе жаткан айымга «Азаматсыз!» дегенден башка алкоо жарашпайт. Күздүн алгачкы айында эжебиз үчүн эки жагымдуу окуя болгону турат. Алтынчы уулу Угузхан мектеп босогосун аттаса, жетинчиси Байкутка тушоо той берет.