Бурак Өзчивит:«БАЛИ БЕЙ ЧЫНЫГЫ ЭРКЕК»

Түрктөрдүн шедеврине айланган «Боз торгой» («Королёк – птичка певчая») сериалын кайра жаңылап тартуу идеясы учурда ишке ашып жаткан чагы. Жаңы вариантында баш каарман Кямрандын ролун биз сөз кылчу кер муруту келишкен, сымбаттуу актёр Бурак Өзчивит ойномокчу. Актёр бизге «Даңазалуу кылым» сериалындагы Малкочоглу Бали бейдин ролу менен таанылган.

Толук аты-жөнү – Бурак Өзчивит
Туулган жылы, күнү – 1984-жыл, 24-декабрь
Туулган жери – Түркия, Стамбул шаары
Кесиби – модель, актёр
Карьерасы – 2003-жылдан тарта модель, 2006-жылдан баштап актёр
Бою – 187 сантиметр
Билими – Стамбулдагы Мармара университетинин көркөм искусство факультетин аяктаган

АТАСЫ МОДЕЛЬ, АПАСЫ АКТЁР КЫЛГАН
Түрктөрдүн «Даңазалуу кылым» сериалында эр жүрөк, тайманбас жоокердин ролун аткарган Малкочоглу Бали бей деген каарман бар. Аталган сериалды дал ушул каарман үчүн көргөндөр да жок эмес.
Бурак бала кезинде «Ким болосуң?» деген суроого дароо «Бэтмен!» деп жооп берчү. Анткени карындашы экөө бул мультфильмди көрүүдөн тажашчу эмес.
Мектепти аяктаганда апасынын каалоосу менен көркөм искусство факультетине тапшырат. Анткени энеси Бурактын сүрөт тартууга шыктуу экенин билчү. Экинчи курска келгенде атасы уулунан сурабай сүрөттөрүн «Түркиянын мыкты модели» сынагына салып жиберет. Сынактын тандоо турунан гана өтпөстөн, актёр үйүнө 1-орунду алып кайтат. Андан ары Бурак тагдырын сыноону улантып «Дүйнөнүн мыкты модели» сынагына катышып, 2-орунду алат. Актёрдун андан аркы карьералык жолу айтпасак да белгилүү.Дүйнөнүн белгилүү моделдик агенттиктеринен жааган сунуштар, жарнамалык роликтерге тартылуу тууралуу келишимдер, анын жүзүн кинодо пайдаланууну каалаган режиссёрлордун макулдашуулары Буракты атактуулукка жетелейт.

МУРУТУ МЕНЕН ДАҢАЗАЛАНГАН
Бурак Өзчивиттин муруту Түркияда эң эле актуалдуу тренддердин бири. Актёр атайын Бали бейдин ролу үчүн мурутун өстүргөн. Учурда муруттун сүрөтү түшүрүлгөн футболкаларды, байпактарды, ич кийим, идиштерди сатып алуу күчөгөн. Анан да атайын сурамжылоодо Бурактын фанаттары аны келбети үчүн эмес, муруту үчүн жактырышарын баса белгилешкен.
Ал эми Бурак муруту тууралуу: «Башында мага мурут султан Сулеймандын ролун ойногон Халит Эргенчке жарашкандай жарашпаса керек деп ойлочумун. Бирок күйөрмандардын кабыл алуусунан улам жарашарын билдим. Мурутту атайын съёмка үчүн гана өстүрдүм. Жашоодо мурутсуз эле жүргөн жагат, антпесе жүдөп кетем. Осмондуктардын мурут-сакалы Түркияда болуп көрбөгөндөй мода болуп жатканы мени таң калтырууда. Сүйүктүүм Жейлан да муруттун формасында колье сатып алыптыр. Мен аздык кылып жатканмын го»,- деген тамаша аралаштырып.
Баса, актёрдун күйөрмандарынын кулагына күмүш сырга, Бурак тартылган «Боз торгой» сериалы ушул жылдын сентябрь айында «Канал Д» түрк телеканалынан көрсөтүлө баштайт.

«ҮЧ ЭЛЕ ДОСУМ БАР»

  • «Сулуулук актёр үчүн керектүү курал. Бирок билимиң, интеллектиң, дүйнө таанымың тар болсо, анда бир нече күнгө эле популярдуу боло аласың. Бир эпизоддон көрсөтөт, болду, карьераң бүттү».
  • «Өзүмдү «Даңазалуу кылымдагы» башка каармандын ролунда элестете албайм. Сериалдын ар бир каарманынан алчу үлгүлөр бар. Мисалы, мага Сулеймандын өзүн ишенимдүү алып жүрүүсү, Паргалынын даанышмандыгы жагат. Ал эми Хүрремди, менимче, башкача ойносо болмок».
  • «Бали бей чыныгы эркек, жоокер. Анын ролун ойногонума сыймыктанам. Экөөбүздүн мүнөзүбүздө окшоштуктар бар, мисалы, намыскөйлүгү, сүйүүгө, мекенине туруктуулугу. Жашоого болгон көз карашыбыз да бирдей».
  • «Досторум аябай аз, мен оңой менен бирөөгө ишене бербеген адаммын, 3 эле досум бар».
  • «Апам үй кожойкеси, атам кафеде шишкебек сатып иштечү. Карындашым экөөбүз кечке сыналгы талашып мультфильм көрчүбүз».
  • «Сүйүктүүм Жейлан кызганычка такыр жол бербейт. Аны менен абдан бактылуумун. Жейландын мээримдүүлүгү жөнүндө айтуудан эч тажабайм».
  • «Футболду сүйөм. «Фенербахче»клубунун ашыккан фанатымын.
    «Фенербахче» менен «Галатасарай» ойногондо бизде кадимкидей уруш чыгат, анткени сүйүктүүм «Галатасарайдын» күйөрманы».

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Armin
2013-09-03 00:26:59
Оо ушуну суйомг000 . . .
-1
sobr_89kG
2013-09-03 01:47:50
Урматуу супер инфо жамааты сиздерден суранам..турктордун атактуу эркектерин гезитке чыгарбай элэ койсонуздар эмне болот...кара коз кыздарыбыздын ойу бузулуп барататко дэйм...Кыргызымдын сулуу кыздарын башка олкогонун балдарына суйуусун арнаса журогум оруйт.. кыздар силерден сураныч Кыргызымдын балдарын башка олконун балдарына тенебегилечи сураныч.
+3
sobr_89kG
2013-09-03 01:50:29
Armin ушу созун ар бир Кыргызымдын балдарына кандай оор тийишин билесинби..тереен ойлонуп корчу
-1
altinim
2013-09-03 18:04:01
sobr_89kG, Бели бей ниче Султан Сулейман канчалаган кыргыз кыздарынын эмес уй булолуу келиндердин козун куйгузуп журогун эзип жургонун билбейт окшойсун )))) мага Ибрагим Паша жакчу бирок олуп калат дегенде жакпай кетти обидна((((
-1
Karamel
2013-09-04 02:24:54
О боже какой мужчина!!!
0
gutler
2013-09-04 17:51:14
Боз торгойдун эскиси жагат мага,актёр,актрисада жакшынакай. А насчёт турк актёрлору,кыргызда алардан да татынакай жигиттери бар. Колдо бар алтындын,баркы жок дегендейда. Мен ушу кинодогу актёр,актрисаларды суйгон жана жактыргандарга эч тушунбойм.
0
saikal.97
2013-09-05 03:06:15
Iiii janaky feride m.n oinogongoooooo jakwy atkargan birok velikoplepnyi vek degen kinodo a9bai soonun oinogondaaaaa. Owol kinonu u4urda korup jatam maga a9bai jagat al kino emes 4ynygy jawooo bolup jatkandai atkaruu4ulardy baalap ketem. Korsonor jaman soonun kino..
0
mahabat.
2013-09-05 04:27:01
даназалуу кылымда Бали бейден да сулуу мага Перчим ага жвгат эле.аны сволочь Ибрагим олтуруп койбодубу
0
Asus84
2013-09-05 10:49:09
эх деаушкасы бактылуу экен эээ бали бейге жеткен мен да суйом го
0
akjol1989
2013-09-07 19:51:54
корейлер бутуп эми турктор калды эле))))
+2
asha302
2013-09-08 01:59:45
Суйсонор суйгуло барыбир андан майнап чыкпайт. Бирок даназалуу кылымдагы актер,актрисалар чынында укмуш аткарышкан баары кыйын озгочо Хуррем. Бирок 100-сериясынан кийин качып кеткени жакпады. Жоопкерчилик деген болуш керек да...
0
aizi85
2013-09-08 03:34:24
Мен туркторду жана башка улутундагыларды эч качан жактырбайм мага озубуздун кыргыз жигиттери жагат мин сулуу болсо да мен кызыкпаймын башка улуттка
+2
Aisuluu7
2013-09-11 08:55:00
Боз торгойдогу жаны актриса Нежла эмеспи Листопад сериалындагы7
0
nora00
2014-07-01 14:31:48
мен суйоооооооооооооооомм БАЛИБЕЙ меникииии)),оххх фигурасы кинодо ойногон образы жагатда сонун менин кыйалымдагы жигитттттт эх (((
0
nora00
2014-07-01 14:32:57
настоящий мучжина
0
nora00
2014-07-01 16:25:54
БАЛИБЕЙДИ суйоооом сонун жигит
0
№ 565, 30-август-5-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан