Бир кезде «Кыз-Бурак» тобунун курамында Гүлмира Эргешова, Касиет Артыкова ырдап турганда топтун жылдызы бир жанган эле. Кийинки курамдагы ырчылар Кенже Дүйшеева, Гүлнара Калдарова, Айжамал Кабылова да эжелеринин ийгилигин кайталап, элге хит ырларды тартуулашты. Акыркы кезде топтун атактуулугу басаңдап бараткансыйт. Учурда бул топто ырчы Сайкал Садыбакасова директордун милдетинде. Маек төрүбүзгө келген ырчы топтун жаңылыктары, чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу кеп салды.
– Сайкал, кечигип, боёнбой келгениңе караганда иштериң көп болуп жаткан го...
– Ооба, түнү менен фотосессия жасатып, клип тарттырып, такыр көз ирмебедим. Таңга маал араң бошодум. «Кыз-Бурак» тобунун курамы өзгөрүп, эскилерден Азалия экөөбүз калганбыз. Учурда жаңы курамдагы кыздарга ыр жаздырып, форма тиктирип жүрөм. Аны менен катар «Салам, Бишкек-2» тасмасына тартылып жатам.
– Топтун улам-улам жаңыланышына эмне себеп болууда?
– Көпчүлүк кыздар турмушка чыгып кетишүүдө. Айрымдарын тартибинин начардыгынан улам топтон чыгарууга аргасыз болдук. Мурда топто «25 жаштан кийин гана үй-бүлө курууга уруксат» деген мыйзам иштечү. Азыр ал мыйзам жокко чыгарылган. Эми топтогу кыздардын баары каалаган убагында турмушка чыга алышат.
Негизинен кыздар топто көпкө кармалса «Кыз-Буракка» гана ээ болбостон, апамдын ордун да талаша башташат экен. Мындай учурлар кездешип эле келе жатат. Ошон үчүн ушул жагын да эске алып жатабыз. Учурда топтун жаңы курамы түзүлүп, элге өнөрлөрүн тартуулоого киришти. Буюрса, кыздардын ырдаганына, бийлегенине, тарбиясына кылдаттык менен көңүл бурулат. Курамдагы кыздардын баары чыгармачылыкты сүйүшөт жана аракетчил. Чогуу иштешүүдө кыйынчылык жаратышпайт деп ойлойм.
– Жумуш-жумуш деп жүрүп жеке жашоону унутуп калган жоксуңбу?
– Кээде күлүп калам, жумушума эле турмушка чыгам го деп. Иштеп жүрүп деле жактыруу сезимине туш болуудамын. Кыскасы, жашоом кадимки жаш кыздардын жашоосундай эле. Турмушка чыгуу жаатында кеп кылсам, азырынча ага даяр эмесмин. Колумду сурагандар деле толтура. Мисалы, апамдын эки курбусу келин кылып алалы деп айламды кетиришүүдө. Апам деле каршы эмес дечи, бирок уулдары мен курактагылар. Менин кыялымдагы мырза болсо өзүмдөн беш-алты жаш улуу, токтоо, түшүнүктүү адам. Ошондуктан так секирип сунуштарын четке кагып жатамын.
Алгач кайненени, кайын журтту сыйлоону, келиндик кызматты кантип мыкты аткаруу керек экенин үйрөнүп, анан турмуш жолуна аттанам. Айрым жаштардай болуп сүйдүм деп тийип алып, бир жылдан кийин ажырашып кетким келбейт.
– Маектериңде жигитиң жок экенин айтып келесиң. Ушуга чейин кантип эле жигит жандабагансың?
– Жигит жандоо мага азырынча буюрбай жатат окшойт, оюмдун баары «Кыз-Бурак» болуп. Балким, өз убагында жылуу сезимдер мени да кучагына алар. Албетте, сүйүүгө ар бир адам жолуккусу келет, алардын катарында мен да.
– Мырзалар тарабынан, деги эле көпчүлүктөн келбетиңе карата кандай сынды көп угасың?
– Көбүнчө ууртумдагы уячам менен көзүмө суктанышат, комплименттерди да көп угам. Бир гана толуктугум эч кимге жакпай койду. Ырдап баштагандан бери диета кармап келем. Ачыгын айтсам, диета кармай берип тажап да бүттүм. Түшүнөм, шоу-бизнесте арык болсоң жакшы көрүнөсүң. Апам да ошондой талап коёт. Бирок эмне кылайын эми, ушундай жаралсам? Мурда мага карата терс сындарды окусам ойлонуп кыйнала берчүмүн. Азыр «өлүп кеткиле» деп коём.
КЫСКА СУРООГО КЫСКА ЖООП
– Энергетикалык суусундуктарга муктаж болдуң беле?
– Ооба, бир жолу түнү менен клип тартып, алым калбаганда ичкем. Жүрөгүм титиреп аябай жаман болгом. Ошондон бери жолой элекмин.
– Таанышууга ашыккан жигиттер жакпай калса кантип кутуласың?
– Ой, анын жолдору көп да. Көбүнчө тойлордо жигиттер артыбыздан ээрчип алышат. Алар кылжыңдай баштаганда эле дароо ордуна коём. Бирок урушпайм, сылык түрдө экинчи тийишпес кылып жөнөтөм.
– Жылдыз төлгөгө ишенесиңби?
– Анча ишене бербейм. Кээде гана Жаачыны эмне күтүп турганын билип коём. Таң калтырганы, дайыма туура чыгат.
– Дайыма тагынып жүргөн аксессуарың кайсы?
– Оң колумдун аты жогуна дайыма күмүш шакек тагып жүрөм. Себеби аны эң биринчи айлыгыма, 2700 сомго сатып алгам. Ушунчалык жакшы көрөм, бардык клиптеримде, сүрөттөрүмдө бар. Жадакалса киного тартылсам да чечпейм.
– Мода кууп кийинесиңби?
– Колумдан келишинче мода кууганга аракеттенем. Кээде кийимимдин таза, бүтүн экенине шүгүр этип калам.
– Аялзатындагы сулуулуктун эң алгачкы белгиси эмнеде?
– Албетте, тазалык, анан назиктик. Айтып коюшат эмеспи, «аялзаттын баары сулуу, болгону ошол нерсеге кам көрө билүү керек» деп. Сулуу болгонду каалагандын баары сулуу.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg