ЫСЫК АБА ЫРАЙЫ НОУТБУКТУ БУЗАТ

Ноутбугуңуз катуу ысып, жай иштеп жана тез-тез өчүп кала баштадыбы? Анда төмөнкү макалага көңүл коюп, себептерин билип алыңыз.

НОУТБУК ЭМНЕДЕН УЛАМ ЫСЫЙТ?

Чаң
Көпчүлүк учурда ноутбуктун ысышы анын желдетүү системинин аба кирип-чыгуучу тешиктерин 5-10 миллиметр калыңдыктагы чаң каптап калгандыктан келип чыгат. Муздак абанын жетишсиздигинен процессор, видеочип жана башка бөлүктөр ысый баштайт. Андыктан жылына бир-эки ирет аталган системди чаңдан арылтып туруу керек. Бул үчүн ноутбуктун капкагын ачып, чаң соргучту этият колдонуу менен тазаласа болот. Ал эми желим жана темир бөлүктөрдөгү майланышып катып калган кирди кетирүү үчүн таякчанын башына кебезди ороп, аны спирт аралашмасына нымдап сүрүү керек. Эсиңизде болсун, энелик плата (материнская плата) жана микросхемаларга нымды жолотпоңуз. 10 мүнөтчө кургатып алган соң ноутбуктун капкагын жаап, дагы 20 мүнөтчө күтө туруп, анан иштете берсеңиз болот.

Термопласт жана термотөшөлмө
Чаңдан арылткандан кийин деле ноутбуктун ысыганы байкалса, анда желдетүү системинин иштөөсү толук кандуу жөнгө салынбаганынан кабар берет. Ноутбук иштегенде процессор менен видеочиптин муздап туруусун жакшыртууга орнотулган термотөшөлмө (термопрокладка) жана термопласт убакыттын өтүшү менен эскирет. Алар эскиргенде аба муздатуу солгундап, процессор катуу ысый баштайт да, анын жана видеочиптин күйүп кетүүсүнө жеткирет. Жогорудагы эки тетиктин кызмат мөөнөтү 5 жылга чейин. Эгер керектен чыкса, аларды алмаштыруу зарыл.

Желдеткич
Желдеткич ноутбуктун ичиндеги температураны жөнгө салып, муздатып туруучу эң негизги бөлүк. Анын бузулушу ноутбуктун иштөөсүнө терс таасирин тийгизип, процессор, видеочип сыяктуу кымбат тетиктери керектен чыгат. Андыктан желдеткичти өз убагында жаңысына алмаштыруу талап кылынат. Желдеткичтин иштөө мөөнөтү 2 жылдан 5 жылга чейинки аралыкты түзөт. Болбосо ноутбуктун кымбат бөлүктөрү керектен чыгып, оңдотууга көп каражат кетет.

Оюндар
Энергияны көп талап кылуучу графикасы мыкты деңгээлдеги оюндарды жүктөп ойноодон баш тартуу керек. Себеби алар бир нече сааттан бир нече суткага чейин тынымсыз иштей ала турган кубаттуу компьютерлерге ылайыкталган. Мындай оюндар ноутбуктун оперативдик системине, катуу дискине, видеокартасына күч келтирип, ысып кеткендиктен, бир сутка бою тынымсыз иштегенге мүмкүнчүлүгү жете бербейт. Ошондой эле көп саатка созулган оюн учурунда аккумуляторго да күч келет.

Ысык аба ырайы
Жайдын күнүндөгү ысык аба да ноутбуктун желдетүү системине кыйынчылык жаратат. Бул абалдан чыгуу үчүн жай айларында ноутбуктун алдына коюлуучу кошумча желдеткичти орнотуп иштөө сунушталат. Ошондой эле кыштын күнү ноутбукту каминдин, мештин, жылыткычтын жанынан оолак коюңуз.

Жууркан-төшөк абанын алмашуусуна тоскоолдук кылат
Ноутбуктун астыңкы бөлүгүндөгү тешиктерден муздак аба кирип, каптал бөлүгүндөгү тешиктери аркылуу жылуу аба сыртка чыгып турат. Андыктан аны катуу, үстү тегиз жерге коюп, астынан аба кенен кирип туруусуна шарт түзүү зарыл. Жууркан-төшөк, килемге же тизеге коюп иштөө ноутбуктун «өмүрүн» кыскартып, «ажалынан» мурда аңга түртөт.

АЛДЫН АЛУУ
Жогоруда айтылып өткөн маселелердин алдын алуу үчүн төмөнкү жагдайларга көңүл бурууну унутпаңыз:

  • Ноутбук ысып, бирок кошумча желдеткич жок болсо, анын монитору уланган тарабынын астына китеп коюп, абанын кенен кирүүсүнө жол ачса болот.
  • Жаңы үлгүдөгү ноутбуктарда желдетүү системине аба клавиатура жайгашкан бөлүктөн кирет. Андыктан иштөө учурунда клавиатуранын үстүнө кездеменин жабылып калуусунан этият болуу керек.
  • Бөлмөнүн ичин таза кармап, салкындатып туруңуз.
  • Кошумча желдеткич ноутбуктун өмүр сакчысы экенин биле жүрүңүз.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
meliss
2013-09-02 17:06:12
Мен москвада компютерный салондо иштейм бирок бул жерде биз негизи "термопаста" деп айтабыз атайын процессорго паста.Термопласт деген жок анан атайын жел толтурулган баллондор бар кол жеткис жерлерди тазалайт ошо жонундо айта кетсенер болмок
0
admin_media
2013-09-03 12:05:39
meliss,
Саламатсызбы!
Термопастаны "термотөшөлмө" деп которуп койгонбуз.
+1
abaychik
2013-09-08 21:53:34
admin_media, дагы бир суроо желдеткич кандай которулат.
-1
admin_media
2013-09-09 09:31:02
abaychik,
Саламатсызбы!
Кулердин кыргызчасы желдеткич деп которулган.
0
antivir
2013-09-02 21:49:04
смартфон телефондорду да жазгылачы? озум жакшы колдоном бирок, активно колдоном. 1 теле 1жылга жетпейт(((
0
omurbek9393
2013-09-03 01:52:04
Жакшы маалымат экен рахмат супер! Ноутбукту сатып алаарда эмнелерге конул буруш керек ошолорго да токтолуп кетпепсиздердаа.
0
zarlyk2211
2013-09-03 05:53:10
рахмат!!!
0
Asus84
2013-09-03 11:14:10
жакшы экен
0
turatbek-92
2013-09-03 12:14:23
жакшы экен!рахмат
0
Barika
2013-09-04 01:16:32
Керектүү кеңештер экен!
Мен дагы бир жыл мурун «өмүрүн» кыскартып, «ажыланан» эрте аңга түртүп салгам!
Башында билген эмесминда кааап, эми телимдин амандыгын тилеп турайын!
0
Rostov-on-Don
2013-09-04 14:55:36
Меники да ошентип очо берген бирок мен 1да жолу тошокко койгон эмесмин дайым компьютерный столдун устундо турат,алганыма 1 жыл болгон,ондоттум жана азыр тубуно кошумча желдеткич сатып алып только ошо менен иштетип жатам баары жакшы!
0
Positive
2013-09-05 20:28:55
мм абдан жакшы маалымат бирок мындан алдын ноутбугум озудон озуле очо бердиле кызып да кеткен болчу интернеттен окудум ушулардын баарын
0
abaychik
2013-09-08 21:52:45
рахмат суперге,мен эми тиземе койбойм, а так тиземен тушчу эмес.
0
ere
2013-09-18 09:47:28
заряддын кантип уномдосо болот айтып бериниздерчиии
0
A_l_i_b_e_k
2013-09-24 02:10:52
бир соз мегнен айтканда детский сад!!!
0
nazika92
2013-10-03 00:05:11
videodraiver o4o berip tajatty(( kenew berip koigula4y
0
Rifle
2015-10-04 02:00:49
Кулерин тазалоо оной эле . Жардам берууго даярмын
0
kalykov
2016-01-17 18:52:35
Ноутбукту карап текшерип алуу керек.
0
№ 565, 30-август-5-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан