Айсулуу Тыныбекова:«МЕН...»

Айсулуу Тыныбекова. Бул ысым дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндө жаңырып, Кыргызстанда гезит беттеринде, теледе көп айтыла баштады. Айсулуу дүйнөдөгү эң күчтүү балбан кыздардын мыкты төрттүгүнө кирет. Ал 2013-жылы Жаштар арасында Азия чемпиону болсо, Бүткүл Дүйнөлүк Универсиадада коло тагынды.

«ЖАЛАЛ-АБАДДА ТӨРӨЛГӨН КОЧКОРЛУК КЫЗМЫН»
– Түбүм кочкорлук болгону менен, ата-энемдин жумушуна байланыштуу 1993-жылы Жалал-Абаддын Майлы-Суу шаарында төрөлгөм. Ата-энем медицина кызматкерлери. Өзүмдөн улуу 2 эжем, 1 агам, анан 1 иним бар.

«ТЕНТЕК КЫЗ БОЛЧУМУН»
– Бала кезимде кыздарга караганда балдарга жакын өстүм. Тийишкен балдардан сөзсүз өч алчумун. 9-класста окуп жүргөндө Кочкордо таэквондо менен машыга баштадым. Улуу муундагы кишилерден «Кыз башы менен үйдө эле отурбайбы» деген сөздөрдү ошондо уктум.

«МЕКТЕПТИ ЖОЛДО ЖҮРҮП БҮТҮРДҮМ»
– Мектепте жакшы окучумун. Классташтар менен отурушка, кечелерге деле көп барган жокмун. Кийин 10-классты бүткөндө күрөш менен машыгып, мектепти Бишкек-Кочкор жолунда аяктадым.

«АЛГАЧКЫ КАДАМДАРЫМ...»
– Күрөш менен алгач Нарын облусунун биринчилигине катышкам. Анда эч кандай ыкмасы жок, кара күчкө салып чемпион болгом. Анан шаарга келип, КМТУга тапшырып, ошол жерде машыга баштадым.

«МАШЫКТЫРУУЧУМ ЖОЛ КӨРСӨТТҮ» 
– 2010-жылы КМТУда окуп, машыгып жүргөндө Сабыр Рысбеков агай азыркы машыктыруучум Нурбек Изабеков менен тааныштырган. Нурбек агай жаңы деңгээлге көтөрүп чыкты. Алтындай убактысын, баалуу нерселерин мен үчүн курман кылды. Ар мелдеште анын эмгегин текке кетирбөө үчүн жакшы күрөшүүгө умтулам.

«ЖИГИТТЕР МЕНЕН МАШЫГАМ»
– Эки жарым жылдан бери эркектер менен машыгууга көнүп калдым. Ар машыгууда ар башка спарринг-өнөктөштөрдү тандайм. Күнүнө 5 саат машыгуу болот. Эртең менен 3 саат, кечинде 2 саат. Ортодо калыпка келүү талабы бар. Жумуштарды да ушул учурда бүтүрөм.

«АТАКТУУЛУК ЖАН ДҮЙНӨМДҮ ӨЗГӨРТКӨН ЖОК»
– Өзүм менен өзүм калганда кандай болсом, коомчулук алдында да ошондоймун. Коомдук унааларда, дүкөндөрдө мени таанып, сүрөткө түшүүнү сурангандар болот. Негизи, атактуулук менин жан дүйнөмдү эмес, баскан-турганымды өзгөрттү.

«ОЛИМПИАДА АЛДЫНДА ТААНЫЛДЫМ»
– Былтыр Алматыдан Олимпиадага жолдомо алып келген соң эл тааный баштады. Алматыдан келип, Бишкекте апам менен паркта жүрсөм «Спортчу кыз менен сүрөткө түшүп алалы» деп сурангандар пайда болуп калыптыр.

«СПОРТТОГУ ШАНСЫМДЫ КОЛДОНОМ...»
– Спорт – көп нерселердин көпүрөсү. Спорт аркылуу элге таанылып, эл-жер көрүп жатам. Спортто ийгиликтүү адамдар кийин да жакшы жашап кетет. Муну айрым спортчулардын мисалында билем. Спорттун арты менен жашоомдо чоң бурулуш жасоого аракеттенем жана мүмкүнчүлүктү колдоном.

«ЧЕТ ЖЕРДЕН ӨЛКӨБҮЗДҮН БАРКЫН БИЛИП КАЙТАМ»
– Кыргызстан абасы менен, суусу менен башкалардан айырмаланат. Чет жерге чыкканда ушуга ынанып, өлкөбүздүн баркын билип кайтам. Чет өлкөгө чыгарда такай жарма, нан, кукси, алма салып алам. Себеби чет жерде табитим такыр жоголуп кетет.

«КУБАНГАНДА АПАМА АЙТАМ»
– Кубанычымдын көбүн апам менен бөлүшөм. Чет өлкөдөн ийгилик жаратсам, биринчи болуп апам билет.

«КҮНДӨЛҮККӨ СЫР ТӨГӨМ»
– Жалгыз калганда сырдаш күндөлүгүмдү ачып, сырларымды төгөм. Ой-кыялдарымды, максаттарымды жазам. Кызыгы, сезгендей «чемпион болом» деп жазсам, аткарылып калат.

«МЫРЗАЛАР ЖӨНҮНДӨ ОЙЛОНБОЙМ»
– Кыздар чогулуп калса «Бүгүн тигини көрдүм, кечээ бул келди» дешет эмеспи, бул мага жат нерсе. «Рио-де-Жанейро-2016» Олимпиадасына чейин жигит, бүлө куруу тууралуу ойлобошум керек.

«ТАМАК ЖАСАБАЙМ ДЕЛЕ»
– Кочкордо жүргөндө апама жардамдашып калчумун. Азыр шаарда кафелерден тамактангандыктан, айына ашып кетсе бир жолу беш бармак жасайм.

«КЛАССИКАЛЫК КИЙИМДЕРИМ КӨП»
– Гардеробум класси­калык үлгүдөгү костюмдар менен толтурулган. Классика эч качан модадан калбайт эмеспи. Тойлордо кийилчү көйнөктөр да жок эмес.
 

«ОЛИМПИАДА ЧЕМПИОНУ БОЛУУНУ КЫЯЛДАНАМ»
– Көп кыялым бар. Эң негизгиси, Олимпиада чемпиону болуу. Муну бардык спортчу кыялданат. Дээрлик бош убактым жок машыкканым да ошондон.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айсулуу Тыныбекова: "Олимпиада чемпиону болууну кыялданам"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Azem2013
2013-09-02 10:57:04
эрктуу кыз азаматсын! дагы да коп ийгиликтерди жарата бер!
0
lilokoo
2013-09-02 14:08:08
Menin oyumcha stilistter menen ishteshse Sharapovadan,İsinbaevadan kalyshpagan ukmush sportsmenka bolot..Baarybir ayaldyk kelbetin jana sapatyn jogotposhu kerek dep oiloim.Azamatsyn..İygilikterin menen syimyktanabyz!
+4
Boru87
2013-09-02 14:58:39
кыргызда жок дейсинби манакей биздин сыймыгыбыз!
+1
nazira1989
2013-09-02 15:45:36
Биз сыймыктанган кыз,азаматсын.Алга,Аллахым тилектериндин орундалышына жол ачып берген болсун!!!
+1
kalpakkg
2013-09-02 20:55:47
бар бол карындашым,тилегине жет! Кыргыздын тарыхында болгон жаныл мырза сыяктуулар,азаматсын
0
Oscar2356
2013-09-02 21:27:59
Кудайым колдосун сени алга АЙСУЛУУ.
0
omurbek9393
2013-09-03 01:19:37
Азаматсыз дайыма женуучу болуп журо бериниз сизге ийгилик!
0
ElnuraKG93
2013-09-03 10:59:59
Молодцы АЙСУЛУУ ТЫ СУПЕР
0
Asus84
2013-09-03 11:06:20
азамат бали бали алгала
0
bakyt-251190
2013-09-04 02:42:04
Azamatsyz ishterinizge iigilik.
0
assss
2013-09-06 17:24:13
тилегине жет! Крацавчик
+1
yalegenda
2013-09-08 20:48:29
турмшка ка чыгып балалуу болгонду унутпа чын журоктон ийглик сага!
+1
azigrun
2013-09-09 02:18:48
super.kg degen jazuunar Aisuluunun betin jaap kalyptyr, bul da bolso silerdin katanar)))...Aisuluu sen azamatsyn, alga!
0
maksimus
2013-09-14 13:21:59
Aldyga. aldyga.
0
01aidai
2014-05-10 20:47:18
аябай мыкты мунозу, жонокойлугу менен айырмаланган спортчу катары билем.сыйга ото татыктуу, азаматсын ийгилик сага.
0
№ 565, 30-август-5-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан