ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (2-сентябрдан 8-сентябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Каржы жаатында маселе жаралышы күтүлөт. Ага жетишерлик маани бербей койсоңуз, чоң жаңжалга айланып кетиши ыктымал. Ишиңизде ийгиликтүү долбоор менен иштеше баштайсыз. Келечегиңизди өзгөртө турган кадам таштоого ыңгайлуу учур. Аптанын аягын сүйүктүүңүз менен өткөрүү сунушталат. Бул ортодогу мамиленин бекемделишине өбөлгө болот.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Кыжырыңызга тийген адамдар менен урушпаганга аракеттениңиз. Анткени дал ошол адамдар кийин сизге колдоо көрсөтүшөт. Балким, келечекте эң жакын адамыңызга да айланып калар. Соода тармагында иштегендер үчүн кирешелүү апта болмокчу. Үй-бүлө мүчөлөрүнө байланыштуу маселелер аптанын аягына чейин өз жайына келет.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жеке жашооңуздагы жана ишиңиздеги чечилбей келген маселелерге көңүл коштук мамилеңиз өз залакасын тийгизет. Жетекчиңиз тараптан айтылган тапшырмаларды өз убагында бүтүрүүгө аракет жасаңыз. Шейшембиде жеке жашооңуздагы чырды чечүүдө ички туюмуңузду угуңуз. Жума күнү жакындарыңыз же досторуңуз тараптан кечеге чакыруу аласыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Ар тараптан ийгилик коштоп, ишиңиз алдыга жылат. Майда-барат бут тосууларга көңүл бурбай эле койгон оң. Абройлуу адамдар менен алака түзүп, максатыңызга умтула бериңиз. Жакын адамдарыңыздын кеп-кеңешин эске ала жүрүү да ашыктык кылбайт. Юридикалык маселелериңиз бар болсо, ушул аптада чечүүгө аракет жасаңыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аткаруучулук гана эмес, башкаруучулук да ролду мыкты ойной аларыңызды далилдөөгө мезгил келди. Убарачылыктан качпай, күжүрмөн болсоңуз, ийгиликтер көп күттүрбөйт. Бирок иштин артынан кууп жүрүп ден соолугуңузду экинчи планга таштабаңыз. Жеке жашооңузда эски сезимдер тынчтык бербей, сууп калган мамиле кайрадан жанданышы ыктымал.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жумуштан бир аз четтеп, эс алууга чыгыңыз. Жаңы тааныштар көбөйүп, жашооңузга жаңылык кириши ыктымал. Бул аптаны жан дүйнөңүздүн жаңыланышына арноо керек. Жакындарыңыз тараптан түшүнбөстүктөрдөн улам уруш-талаш чыгышы ыктымал. Бул учурда сабырдуу болуп, унчукпай койгонго аракет жасасаңыз, жеңиш сиздики болот.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Сиздин оюңуз айрым бир олуттуу чечимдерди кабыл алууда зарыл болот. Учурдан пайдаланып өз кызыкчылыгыңызды көздөгөнгө аракеттениңиз. Сүйүктүү адамыңыз менен кол үзүшүп калуу коркунучу бар. Бирок ал адам менен достук мамилеңиздер кала бермекчи. Ден соолугуңузга сак болбосоңуз, жекшембиде сыркоолоп калуу коркунучу бар.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Окуяларга бай апта күтүүдө. Бирде жакшы жыйынтыкка жетишсеңиз, бирде кетирген каталарыңызга кыжалат болосуз. Бирөөлөрдүн берген насааты тескери натыйжа берип калышы ыктымал. Андыктан акыл калчап иш кылганга аракет жасаңыз. Бойдоктордун жеке жашоосуна өзгөрүү кирип, түгөй табышы ыктымал.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жашоого болгон көз карашыңыз алмашып, мүнөзүңүз өзгөрүп чыга келесиз. Ашынган романтик болгонуңуз түгөйүңүздү жагымдуу таң калтыра алат. Бирок бул мүнөз иш жаатында бир аз аксатып, каржы жаатында жапа чегип калышыңыз мүмкүн. Андыктан документ толтурганда, келишим түзгөндө этият болгонуңуз оң.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул апта текечерлер үчүн чоң секирикке даярдануу болмокчу. Өзүңүздү көрсөтүүгө жана чоң ишти аркалоого даяр болуңуз. Ишенимдүү шериктештер менен иш алып барганыңыз оң. Жакындарыңыз менен акылдашууну унутпоо керек. Сүйүктүү адамыңыздын сизге болгон сезиминен кам санасаңыз, жаңылышасыз.

 

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Эртеңки күнүңүздүн, карьераңыздын кандай болору өзүңүздөн көз каранды. Башкысы талбас мээнет жумшап, алдыга жыла берүү кажет. Курулуш иштери менен алектенгендерге жакын адамы тараптан колдоо көрсөтүлмөкчү. Жетекчилик тарабынан да мактоолор болуп, маанайыңыз көтөрүлөт. Обу жок кызгануудан оолак болуңуз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Кандай кырдаал жаралбасын, бардыгына даяр туруңуз. Шашылыш чечим кабыл алуудан качуу керек. Үй-бүлөңүз менен кеңешип иш кылсаңыз, бардык жакта жеңүүчү болосуз. Иш ордуңузда бут тосуулар болушу ыктымал. Сүйүктүүңүз менен болгон таарынычтарды чечүүгө аптанын аягында ыңгайлуу шарт түзүлөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 565, 30-август-5-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан