Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылынын тургуну Жаңылбү Кабылбекованын үйүндө гүлдүн 200дөн ашык түрү өсөт. Буга чейин каарманыбыз короосунда өстүргөн бананы менен окурмандардын чоң кызыгуусун жараткан эле. Эми гүлдөрү тууралуу кеп салат.
«ГҮЛДӨР МЕНЕН КЫШТЫ БИЛБЕЙМ»
– 20 жылдан бери гүл өстүрөм. Башында гүлдү үйдүн кооздугу үчүн өстүрсөм, азыр гүл өстүрүү жашоом болуп калды. Ушулар менен уктап, ушулар менен турам. Гүлдөрүмдү бир күндө кеминде он жолу аралап, алар менен сүйлөшүп чыгам. Бир жакка кетип, караңгыда келсем да сөзсүз гүлдөрдү аралап, баарынан кабар алып чыгам.
Кээ бир өспөй, багуудан жылышы болбой өнөрүн көрсөткөндөр бар. Аларды кадимкидей баламды урушкандай урушам. Анан бир убакта жакшынакай болуп өсүп баштаганы билинет.
Жылда кышында гүлдөрдү үйгө алып кирип бакчумун, бирге жашабасам тура алчудай эмесмин. Тоңсом да мейли деп күнөскананы гүлдөр менен кошо өзүм да жашай тургандай кылып үйгө окшотуп курдуруп жатам. Мен кышты билбейм да, гүлдөрүм менен үйүмдүн ичи жаз болуп эле тура берет. Чымчыктар да бул жак жаз экен дешеби, учуп келип терезени сүзө беришет.
«КУРМА МЕНЕН БАНАН ДА БАР»
– Күнөсканада эмес, эшикте дал эле ушул абада тропикалык гүлдөрүмдү гүлдөтөм деп аракет кылып жатам. Алардын арасында араб курмасы, былтыр сиздер жазып кеткен банан да бар. Аларды да ушул температурада мөмө алдырам деп бапестеп багып жатам. Гүлдөрүмдүн көбү Кытайдан алынып келинет. Андан сырткары бир кызым Түркияда, бири Германияда жүрөт, алар да ал жактан менде жок гүлдөрдү топтоп келишет. Гүлдөр көбөйүп кеткенде сатып, акчасына дагы башкаларынан алам. Базардагы сатуучулар да билип калышкан, башка түрдөгү гүл алып келишсе, мага сактап коюшат. Анан да «гүлдөбөйт» деп берген гүлдөрү да мага келгенден кийин гүл ача берет. Баары эле «Сен эмне, гүлдөрдү дубалайсыңбы?» деп таң кала беришет.
Гүлдөр боюнча энциклопедиям бар, анда 300дөн ашык түрү жазылган. Китептегинин көпчүлүгү менде бар. Гүлдөрүм канча түрлүү экенин эсептеп чыгуудан эринем. Ошол китепке салыштырып эсептесем, менде 200дөн ашык гүлдүн түрү бар экен. Алардын ичинен өзүмө абдан жаккан, баалуу гүлдөрдөн үчөө жөнүндө айтып берейин.
ТОПУРАКТЫ КАНТИП ДАЯРДОО КЕРЕК?
– Бардык гүлдөргө бирдей эле топурак даярдайм. Кой менен тооктун кыгы гүлдөргө күчтүү келет. Малдын кыгын бир жылдык кылып чиритип алып, кара топурак менен теңме-тең кылып аралаштырса, кандай гүл болбосун өсө берет. Эч кандай дары-дармексиз эле өстүрөм. Топурак 2-3 жылдан кийин суу кармабай, гүлдү соолутуп, өзүнүн эскиргенин билдире баштайт. Ошол учурда топурагын кайрадан алмаштырып туруу керек. Баары бирдей жерде турат, бирок арасынан кээ биринин түбү бат кургайт, кээ бири көпкө чейин нымдашып тура берет. Бат кургагандары сууну көп ичүүчү гүлдөр болуп эсептелет. Нымдашып турса да, кайра-кайра суу куя берсе гүл жакшы өспөй калат. Түбү качан кургаганда гана суу куюу керек.
«БААЛУУ ЦИКАС»
– Гүлдөрүмдүн көбү тропикалык гүлдөр. Цикас гүлү үйдүн, мекемелердин кооздугу үчүн эң жакшысы. Түркияга барганымда өзүм өстүрүп жаткан гүлдөрдүн баарын эле көрүп келдим. Бизде аба башка болгондуктан, цикас гүлдөй элек, ал жактан желекчелерин, кантип ачарын көрдүм. Цикас сууну көп ичүүчү, күндү сүйбөөчү гүлдөрдүн катарына кирет. Түбүндө картошкага окшогон уругу болот, ошол аркылуу өстүрүлөт. Бирок аябай кеч чоңоёт. Менин бул гүлүм 16 жыл дегенде ушунча болду.
«ТААРЫНЧААК ГҮЛ – ЭРМЕГИБИЗ»
– Таарынчаак гүлдүн (мимоза) дарак сымал, анан чөп сымал болгон эки түрү бар. Мен чөп сымалын өстүрүп жатам. Жалбырагына чаап койсо, дароо эле соолугандай болуп бүрүшө калат. Кайра бир аз убакыттан кийин өзүнө келет. Күндү көп сүйбөйт, дарактардын арасында көлөкөдө бирдей температурада бакса, жакшы өсөт. Кышында үй бирде ысып, бирде муздап же жарык өчүп калат. Ошондой учурда бир эле күндө өлүп калат. Бул гүл үчүн атайын шартым жок болгондуктан, жылда кышында өлтүрүп алып, жазга келгенде кайра уругунан эгип өстүрүп алам. Анан да жазында март айында гана сепсе чыгат. Назик гүл болсо да, кайра-кайра эгип, өстүргөндөн тажабайм. Гүлү майда, тоголок болуп салюттун атылып жатканындай элес калтырат.
«ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ КООЗ ГҮЛ – ОРХИДЕЯ»
– Орхидея топуракка өспөйт. Биринчи алып келгенде топуракка эгип алып өстүрө албай кыйнала берипмин. Бул гүлдүн атайын жыгачтын таарындыларынан жасалган кумга окшогон нерсеси болот, ошого отургузуп койсом, сонун болуп өсүп кетти, гүлдөрү да аябай кооз. Тамыры сөзсүз күн көрүп туруусу керек, ошон үчүн айнек идиштерге эгилет.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg