Президент Алмазбек Атамбаев «Азаттыкка» маек куруп, коррупцияга каршы күрөш, Батукаев маселеси жана «Кумтөр» алтын кенинин тегерегиндеги көйгөйлөр сыяктуу талылуу маселелердин башын ачты.
Акыркы мезгилде диний коопсуздукка коркунуч күч алып барат. Дал ушул көйгөй тууралуу кеп баштаган президент диний кырдаал көзөмөлдөн чыгып кеткенин, бул маселе күзүндө Коргоо кеңешинин жыйынында талкууга салынарын, аны Совет мезгилиндегидей тыюу салуу жолу менен эмес, диалог аркылуу жөнгө салууга аракет кылышарын белгиледи.
«КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ УЛАНАТ!»
Бүгүнкү бийликтин негизги максаттарынын бири – жети баштуу ажыдаарга айланган коррупцияны жоготуу. Бул жаатта күрөш башталып, айрым министр, депутаттар, соттор, жергиликтүү аткаминерлерге чейин камалып, айрымдарынын мүлктөрү конфискацияланат деген да өкүмдөр чыгууда. Бирок ушуну менен эле күрөш токтоп калбасын, коррупцияны биротоло жер менен жексен кылуу жараяны улантыларын президент маегинде баса белгилеп өттү. Анын айтымында, бир-эки министрди же чиновникти, депутатты камап коюу менен коррупция жоголуп кетпейт, ал үчүн бул илдеттин тамырын кыркуу зарыл. «Өлкөбүздө коррупция терең тамыр жайып, ага каршы күрөш максатына жетүүдө. Коррупцияга каршы күрөштү басаңдатпайбыз. Бул маселе Коргоо кеңешинде да каралат. Жазалоо менен бирге алдын алуу жолдоруна басым жасайбыз»,- деди өлкө башчысы.
«КҮНӨӨЛҮҮЛӨР ЖАЗАЛАНАТ»
«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, тарыхый мекенине чыгып кетишине байланыштуу коомчулук учурдагы бийлик өкүлдөрүн кескин сынга алды. Бул окуяга азыркы бийликти тикелей күнөөлөгөндөр да бар. Ушул жаатта пикирин билдирген Атамбаев Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши да күмөндүү суроолорду жаратканын ачык айтты. Ошондой эле бул ишти Башкы прокуратура кайрадан иликтей баштаганын, ал эми бул окуяда кемчилик кетиргени үчүн вице-премьер-министр Шамиль Атаханов ээлеген кызматынан бошотулганын мындайча кошумчалады: «Батукаевдин бошотулушу боюнча бир топ суроолор бар. Мен бул маселе боюнча тиешелүү адамдарды чакырып, сураштырдым. 8 жыл отуруптур, мүмкүн, андан көп да отурса болот беле. Бирок бул да соттун чечими болуп жатат. Ачык айтканда, бул жерде мурдагы вице-премьер Шамиль Атаханов кемчилик кетирген».
Президенттин айтымында, А.Батукаев маселесине азырынча чекит коюла элек. Башкы прокуратуранын иликтөөсүнөн кийин күнөөлүүлөр жазасын алышат. Дегеле мыйзамды тебелеп-тепсеп, өлкөбүздө баш аламандык жараткан адамдарга мыйзам чегинде жаза керектиги түшүнүктүү тилде айтылды.
«МЕН КЫРГЫЗСТАНДЫ ГАНА ТАНДАЙМ»
Өмүрбек Текебаев мародёрчулук чуусуна байланыштуу президентке кайрылуу жасаарын, анда «Урматтуу президент, кимди тандайсыз? Революцияны чогуу жасаган тарапташтардыбы же аферист Юсуповдубу?» деген суроо коёрун ММКлар аркылуу айткан эле. Буга Атамбаевдин жообу мындай болду: «Эл акыйкаттыкты талап кылат. Кимдин күнөөлүү же күнөөсүз экенин мен аныктабайм, сот аныктайт. Мен Текебаевди же дагы башка адамды эмес, Кыргызстанды тандайм».
«КУМТӨР» ЭЛ ҮЧҮН ИШТЕП, ПАРЛАМЕНТАРИЗМ ӨНҮКСӨ…»
Ажо «Кумтөр» алтын кени кыргыз элине, Кыргызстандын экономикасына иштеши керектигин, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, азыркы өкмөт бул маселеге чекит коёруна ишенерин, жок дегенде «Кумтөрдүн» 50 пайызына ээлик кылышыбыз керектигин айтты.
Апрель окуясынан кийин Кыргызстан парламенттик башкаруу системине өткөнү маалым. Бирок жаңы системге көнбөй, түшүнө албай аны сындагандар арбын. Ал эми мамлекет башчысы парламентаризм акырындап телчигерин, ал үчүн убакыт керектигин белгиледи. «Парламентаризм өзүн-өзү актабай жатат» деген нааразычылыктар айтылууда. Мен деле кааласам президенттик башкарууну калыбына келтирип алсам болмок. Бирок өткөндөн сабак алышыбыз керек. Парламентаризм акыры өнүгөт, ага чейин чыдап күтүшүбүз керек».