«КЕЛИНИМДИ ИЗДЕЙМ»
– Мен Жаркымбаев айылында 1964-жылы туулган Айылчиева Гулира Мукаевнаны издейм. Аны көптөн бери көрө элекмин, байланышып, жолуккум келет. Аябай сагындым.
Кайын эжеси Роза Ниязалиевна,
тел.: 0778 69-09-22, 0551 29-10-81
«КАЙДАСЫҢ, КУРБУМ?»
– Гүлкумар Калбердиева аттуу курбумду издейм. Ага жолуга элегиме 3 жылдын жүзү болду. Эгерде тааныгандар болсо, кабарлап коюшат деген үмүтүм бар.
Чынара Айтмаматова,
тел.: 0707 64-31-97
«ГРУППАЛАШТАРЫМА ЖОЛУККУМ КЕЛЕТ»
– 1993-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин филология факультетин бүтүргөн группалаштарым: Жыпара Мамбеткадырова, Айзада Тобокелова, Назира Акылбекова, Айнура Байгерикова, Аида Курманбекова жана Назгүл Бегалиеваны издейм. Курбуларыма жолугуп, студенттик куракты эстеп, чер жазыша сүйлөшкүм келет.
Назира Ашырбекова,
тел.: 89265643258, 0771 08-10-51
«ИНИМДИ ИЗДЕЙМ»
– 1963-жылы Талас районундагы Кызыл-Туу айылында туулган иним Төлөн Козубековду издейм. Акыркы жолу 1995-жылы үйгө келип кеткен. Ошондон бери жолуга элекмин.
Эжеси Гүлүмкан Жолдубаева,
тел.: 0772 26-51-18, 0312 48-41-58
«МОСКВАДА ЧОГУУ ИШТЕГЕНБИЗ...»
– 1965-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ильичовка айылында туулган Шайыр аттуу эжени издейм. Ал Өзгөндүн Черёмушка кичи районуна турмушка чыккандыгын билем. Кайненеси менен бирге жашачу. Экөөбүз 2006-жылы Москвада чогуу иштегенбиз.
Гүлсана Сейитмаматова,
тел.: 0702 62-74-34, Gulsana09@mail.ru
«АТАМА ЖОЛУККУМ КЕЛЕТ»
– 1963-жылы туулган Өмүрбек Кудайбергеновду издейм. Аны 4 жылдан бери көрө элекмин. Тааныгандар болсо мага чалып коюшуңарды өтүнөм.
Айзада Кудайбергенова,
тел: 0558 17-20-24
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 47-43-43
Асхат Субанбеков
koom@super.kg