26-август күнү Баткен шаарында жаңы футбол аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү. Ал шаардагы В.И.Ленин атындагы орто мектептин аянтына жергиликтүү ишкерлер Эргазы Сейдалиев жана Каныбек Бабаевдин колдоосунда курулган. Аталган аянтчанын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоров, өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Разаков, Баткен шаарынын мэри Жаныбек Жалалов жана жергиликтүү эл катышышты. Куруучулардын айтымында, аянтты куруу үчүн 3 миллион сом акча каражаты жумшалган. Кичи футбол аянтчасы жергиликтүү ишкерлер тарабынан курулгандыктан, 8 саат мектеп окуучулары үчүн бекер, ал эми калган футбол сүйүүчүлөр акы төлөп ойношот. 26-август күнү ушул аянтта Ош жана Баткен шаарынан биригип 29 команда футбол боюнча мелдешип, жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер ыйгарылды.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg