Жыл сайын өтүүчү мектептер арасындагы сынактын жыйынтыгы чыкты. 27-августта Баткен шаарында өткөн мугалимдердин облустук кеңешмесинде өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана дипломдорду тапшырды. Быйылкы окуу жылында билим берүү мекемелеринин материалдык базасын чыңдоо жана чыныгы чыгармачыл педагогикалык жамаатты аныктоо максатында өткөн бул сынактын «Мыкты инновациялык мектеп» наамына Кадамжай районундагы Бабажан Айтматов атындагы орто мектеп татыктуу болду. Ал эми «Мыкты айылдык мектеп»
наамына Кадамжай районундагы Садриддин Айни атындагы орто мектеби жана «Мыкты балдар бакчасы» номинациясына Баткен шаарынын «Алтын-Бешик» балдар бакчасы ээ болду. Жогоруда аталган билим берүү мекемелери диплом, грамоталар менен биргеликте республикалык турга катышууга жолдомо алышты.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg