Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө карата пенсиядагы милиция кызматкери Аскар Аманбаев ИИМдин Ардак грамотасы менен сыйланды. Эске салсак, ал өткөн жылдын 6-октябрында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы «Айбек» базарында жоголгон Айбийке аттуу 11 айлык наристени өз алдынча издеп тапкан. Ардак грамота менен сыйланган Аскар Аманбев сыйлык алып жаткан учурда «Мен пенсиядагы милиция кызматкери болсом да, элге жардамым тийип жаткандыгына өтө кубанычтамын. Мындан кийин да алы-күчүм жеткенче мекениме, элиме кызмат кыла берем» деди. Ылайым өз ишин мыкты билген мындай адамдардын катары көбөйө берсин демекчибиз.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg